Бийликти басып алуу аракети жана террордук уюм менен байланыш боюнча айыпталып жаткан мурдагы депутат Максат Кунакунов жана Алтынбек Жумагазиев Акыйкатчыга УКМК кызматкерлеринин кыйноосу жана тергөө изоляторундагы начар шарттар тууралуу даттанышты.

Парламенттин төртүнчү чакырылышынын депутаты Максат Кунакунов Акыйкатчыга УКМК кызматкерлери аны кыйнап жатышканын, анын өмүрүнө кол салууга аракет кылышканын айтып даттанды.

Кунакуновдун айтымында, алар ага психотроптук дары кошуп берип, анын айынан ал өзүн начар сезген.

Ал өзү камакта отурган бөлмөдө айнек жоктугун, ошондуктан камалгандар өздөрү терезеге полиэтилен пакеттерди чаптап алышааарын айтып арызданды.

ТИЗО-1дин башчысы Баатыр Калыгулов камактагылар өзүн «майып кылып» коюшу мүмкүн экенин, андыктан айнектин жоктугу - бул коопсуздук чарасы экенин айтып жооп берди.

Ушул эле иш боюнча өтүп жаткан Алтынбек Жумагазиев УКМК кызматкерлери аны темир стулга отургузуп ток өткөрүп кыйнашаарын айткан.

«Анын кылмышын мойнуна алдырыш үчүн темир стулга отургузуп ток жиберип, ошондой эле тырмагынын алдына ийне сайып, башына пакет кийгизишкен», — деп айтылат Акыйкатчынын баяндамасында.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү бул маселе менен аскердик прокуратура алек болуп жатканын айтты.

Мурда аскердик прокуратура атайын кызматтардын өкүлдөрүнө каршы кылмыш ишин козгоодон «кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу» баш тарткан.

Кунакунов менен Жумагазиевге кандай айып коюлган?

Максат Кунакунов

Парламенттин төртүнчү чакырылышынын депутаты Максат Кунакунов жана Алтынбек Жумагазиев «Бийликти күч менен басып алуу же бийликти күч менен кармап туруу», «Ок атуучу куралдард, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзмөктөрдү мыйзамсыз сатып алуу, өткөрүп берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү», «Террордук ишмердикти каржылоо», «Каракчылык» жана «Кылмышка даярдануу» беренелери боюнча айыпталууда.

Кунакунов 2016-жылдын 16-июлунда атайын кызматтардын террорчуларды колго түшүрүү боюнча атайын операциясынан кийин кармалган. Анда күч органдарынын кызматкерлери «Ислам мамлекетинин» төрт террорчусун жок кылып, жети кишини колго түшүрүшкөн.

Атайын кызматтардын маалыматына караганда, террорчулар 17-июлда айт намаз убагында борбордук аянтка жана Канттагы Орусиянын авиабазасына чабуул коймокчу болушкан.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча Кунакунов террорчуларга акча берип, аларды курал менен камсыз кылган.

Жалпысынан мамлекеттик айыптоочу Кунакуновду мүлкүн конфискациялап, 30 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Айыпталуучунун экөө тең күнөөсү бар экенин танып, алардын иши бурмаланганын айтып келишет.

ТЕМА БОЮНЧА: