Бишкек мэринин кызматына талапкер болгон Нурдин Абдылдаев БШК шайлоонун протоколун жараксыз деп табууну талап кылууда. Башкалаанын мэри болуп 11-январда Албек Ибраимов шайланган, ал 43 депутаттан 29 добуш алган.

Боршайкомдун басма сөз катчысы Айболот Айдосов Kloop.kgнин журналисти менен болгон маекте Абдылдаев чын эле шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө арыз бергенин ырастады.

«Биз бул маселе боюнча иштеп жатабыз», — деди Айдосов.

Абдылдаев мэрди шайлоо мыйзам бузуу менен өттү деп эсептейт. Ал депутаттардын бюллетендеринде ар бир депутаттын добушун көзөмөлгө ала турган атайын белгилер болгонун айтты.

«Добуш берилип бүткөндөн кийин талапкерди колдогон белгилерден тышкары, калемсап менен коюлган ар кандай чекиттен жана жазуулар түрүндө кошумча белгилер табылган. Бул белгилер ар бир депутаттын эркин көзөмөлдөш үчүн атайын коюлган», — деп эсептейт Нурдин Абдылдаев.

Парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев да шайлоодо мыйзам бузулганын айтт.

«Биз альтернатива болсун деп өз талапкерибизди сунуш кылдык. Биз мэрдин шайлоосу тарыхта калсын дедик эле. Тарыхта калаарын калды, бирок жакшы жагынан калган жок. Биз эски эле жолго түштүк — митинг уюштурушту, депутаттарды коркутушту, аларга кысым көрсөтүштү, көзөмөлдөштү, бюллетендерге белги коюшту. Бул артка ташталган кадам. Биз өзүбүздү маскара кылдык», — деди ал.

Шайлоодо азыркы мэр Албек Ибраимов утуп чыкты.

ТЕМА БОЮНЧА: