Нарындын Учкун айылындагы он биринчи класстын окуучусу Азиз Таалайбеков элден башкача эрмеги бар — ал муз менен кардан айкелдерди жасайт. Адегенде ал муздан жасаган айкелдерин досторуна белекке берчү, бирок кийин ага коңшу айылдардан тапшырыктар түшө баштады.

Азиз Таалайбеков эки жылдан бери муздан айкелдерди жасап жүрөт.

Адегенде ата-энеси анын эрмегине каршы болуп, ден соолугуна зыян келтирип албаса экен деп кабатыр болушчу.

«Ата-энем менин ден соолугум бузулат дешти. Бирок мага кардан айкел жасаган жагат, анткени ал короодо жөн эле жатат», — деди ал.

Жаңы жылга карата Азиз классташтарына муздан жасалган короздорду белек кылды. Аларды беш күн ичинде жасап, күн сайын төрт сааттан иштеди. Анын айтымында, Нарында муз жана кар менен төрт сааттан ашык иштеген мүмкүн эмес.

Азиз өзү жасаган айкелдерди боёгонду туура көрөт.

Эрмегин улантыш үчүн Азиз көп аракет жумшайт. Айкелдерди жасаш үчүн ага суу керек, айылда болсо ал жетиштүү эмес. Ал сууну айылдан эки чакырым алыстагы булактан алып келет, ал эми бир эле айкел жасаш үчүн ага жүз литрдей суу керек болот.

«Муздан айкел жасаганда кыйынчылык көп эле: карды музга жабыштырган оңой эмес, айкел сынып калган учурлар деле болот. Бир жолу бүтөйүн деп койгон ишим сынып калды. Жиним келип баарын таштап салдым эле. Бирок ата-энемдин жана классташтарымдын суранычы менен кайра баштадым», — дейт Азиз.

Азиздин иштерин карап көргөнү классташтары менен айылдаштары келишет. Ал тургай көргөнү үчүн акча да төлөшөт.

Азиз Таалайбеков скульптор болгусу келет. Адегенде ата-энеси буга каршы болушкан, бирок азыр анын тандап алган жолун туура көрүшөт.

Жаш скульпторду айылындагылар тааныйт, коңшулаш айылдардагылар да ал тууралуу уккан. Ага тапшырык түшө баштады, мисалы коңшулаш Куланак айылындагылар андан маймыл менен короздун кебетесин жасап берүүнү өтүнүштү.

Автору: Алмаз Эшбаев
Монтаж: Александра Ли

ТЕМА БОЮНЧА: