Америкалык спортчу кыз-келиндер олимпиадалык кураманын дарыгери Ларри Нассардын үстүнөн арыз жазып сотко кайрылышты. Нассар жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык зомбулук жана азгыруу боюнча айыпталууда.

18 кыздын арызы Мичиган штатынын федералдык сотуна тапшырылган. Алардын аттары ачык айтылган эмес, бирок арасында АКШ олимпиадалык курамасынын гимнастика боюнча өкүлдөрү жана Мичиган штатындагы университеттин спортчу кыз-келиндери бар.

Маалыматка ылайык, Нассар 20 жылдан бери спортчу кыз-келиндерге зомбулук көрсөтүп келген.

Чуулгандуу ишти эл алдына чыгып коркпой аткан жалгыз спортчу Рэйчел Денхолландер болгон. Ал 15 жашында Нассардын сексуалдык зомбулугуна кабылганын билдирген.

Ыктымал кылмыш жасалган убакта кыздардын көпчүлүгү жашы жете элек болгон. Нассар күнөөлүү деп табылса, ал өмүр бою эркинен ажыратылат. Бирок дарыгер мунун баарын четке кагып келет.

Indianapolis Star гезитинин августта чыккан санында жаш гимнастчыларга карата сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөнү боюнча журналисттик иликтөө жарык көргөн. Күнөө коюлгандардын арасында Нассар да болгон.

Чуулгандуу иштен кийин сентябрда ал Мичиган университетинен айдалып, декабрда балдардын порнографиясын жайылтты деген айып тагылып камакка алынган.

Андан тышкары Мичиган штатынын полициясына Нассардын үстүнөн сексуалдык зомбулук боюнча 50дөй арыз келип түшкөн.

Сүрөт: Gymnastic News Network/The Tab

ТЕМА БОЮНЧА: