Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр 15-январдан тарта күчүнө кире баштайт, бирок баары эмес. Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча түзөтүүлөр президенттин мөөнөтү аяктагандан кийин күчүнө кирмекчи.

Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн көпчүлүгү 15-январдан тарта күчүнө кирди. Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейте турган түзөтүүлөр болсо 2017-жылдын 1-декабрынан тарта, президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин күчүнө кирмекчи.

«Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамга 2016-жылдын 28-декабрында кол коюлган. Ал эми өзгөртүү киргизүү боюнча референдум 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн.

Мыйзамдын тексти «Эркин Тоо» гезитине 30-декабрда жарыяланган. Конституциянын түзөтүүлөр киргенден кийинки расмий тексти 29-январдан кечиктирилбей элге жарыяланмакчы.

Бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы баш мыйзамга сегизинчи жолку өзгөртүү киргизүү болуп саналат — 2010-жылдагы референдумда кабыл алынган 2020-жылга чейин Конституцияга түзөтүү киргизүүгө тыюу салган меморандумга карабастан киргизилген.

Түзөтүүлөр киргизилсин деп шайлоочулардын 79,59 пайызы добуш берсе, 15,4 пайызы каршы болгон.

Кыргызстан боюнча мыйзам бузуулардан улам 18 шайлоо участкасындагы жыйынтыктар жокко чыгарылган. Комиссия 14500 бюллетенди ката толтурулганы үчүн жана шайлоо процессинин бузулушунан улам жараксыз деп тапкан. Байкоочулар да референдумда көптөгөн мыйзам бузуулар катталганын айтып чыгышкан.

Конституциялык реформа

Депутаттардын референдум өткөрүү демилгеси жарандык коом тарабынан сынга кабылып, ага көпчүлүк укук коргоочулар каршы болушкан. Алардын ою боюнча, түзөтүүлөр жарандардын укук жана эркиндиктерин чектеши мүмкүн.

Андан тышкары, түзөтүүлөргө каршы болгондор бул кадам мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын билдирип чыгышкан. Анткени 2010-жылдагы Баш мыйзамда аны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт деп жазылганын жүйө келтиришкен.

«Бир Бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова мыйзамды кабыл алуудагы регламенти менен процедурасынын бузулушун айткан. Түзөтүүлөр кабыл алынгандан кийин ал парламент депутаттыгынан баш тарткан.

Түзөтүүлөрдүн демилгечиси жана тарапташтары белгилешкендей, өзгөртүүлөр бийлик бутактарынын ортосундагы карым-катнашты жакшыртып, өкмөттүн туруктуулугун жана өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдейт.

ТЕМА БОЮНЧА: