Кымбаттуу Кыргызстан,

мен сага көптөн бери кат жазайын деп чыгына албай, ойлорумду жыйнай албай жүрдүм эле. Үйүмдө болгон акыркы жолу башкы редакторго барып «"Мекенге каттар" деген рубрика ачпайлыбы?» дедим.

«Пикир» рубрикасында жарык көргөн материалдар авторлордун жеке көз карашын чагылдырат.

Автор колонки: бывший редактор Kloop.kg Айжамал Идирис
Колонканын автору Kloop.kgнин мурдагы редактору Айжамал Идирис

Мен көптөн бери кат жазгым келип жүргөн, ал кооз маркалар чапталып, апакай конверт менен учуп жетип, жылуулук берген кат болушу керек эле, бирок мен кайгыга батып, ызага муунуп, кепинге оролгон кат жазам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес.

Августта мен Москвага учуп келип, мекенинен алыста жүргөн журтташтарым жөнүндө эмнелерди жаза баштайт болдум экен деп ойлогом. Бирок менин биринчи репортажым кыргызстандыктардын жашоосу жөнүндө эмес, өлүмү жөнүндө болуп чыкты. Ал Алтуфьево жөнүндө болчу. Алар он жети киши эле. Алар басмаканадан ажал табышты.

ТЕМА БОЮНЧА: «Биз силерди эч качан унутпайбыз». Кантип Москвадагы кыргызстандыктар каза болгон жердештерин жоктошту?

Кечээ болсо сен заматтын ортосунда отуз сегиз кишиден айрылып калдың: арасында эркектери, аялдары, балдары бар, алар аткан таңды көрбөй калышты, анткени адатта жаркырап күн тийип турган асмандан аларга учак кулап түштү. Тыптынч жашоо уланып жаткан отуз үй бир заматта кыйрап калды.

Бирөөсү үйүнө кайтат, кайтса эле ордунда уранды жаткан болот. Бирөөсү туугандарына барат, ал жактан мүрзөнүн ташы гана күтүп турган болот. Бирөөсү жарык дүйнөгө деле келе элек экен — курман болгондордун тизмесинде «боюнда бар» деген белги жүрбөйбү.

Кымбаттуу Кыргызстан, мен сага кат жазып атам, өзүмдүн кичинекей, киндик каным тамган үйүмө жазып атам, азыр анын тегерегинде топтошуп кишилер жүрөт. Ый угулган үйүмө жазып атам.

Ал ый бул жерде бороон урган Москвадан да угулуп жатат. Мен кайгыга жык толгон демди сезип турам, сенин жаның кейигенин сезип, жаныңа барып кучактап, айткым келет: «Кайрат кыл, чыда, айланайын, чыда, бирок кулап түшпөсөң эле болду  — сен бийик тоолордун перзентисиң, кубаты бойдон ашкан табияттын тукумусуң, туздуу көлдүн, жаркырап тийген күндүн баласысың. Биз болсо, сенин балдарың, миңдеген чакырым алыста жүрсөк да, сен үчүн да, кайгы тарткан ар бирөө үчүн да жаныбыз кейийт».

Сага көп нерсени айткым келет, бирок бул оор жүктү жеңилдетеби?

Токтой тур, сен азыр мен канча жашта болсом, ошончодосуң да. Сен көз каранды эмессиң, эркинсиң, бирок ирденип, өсүү жолундасың. Ооба, сен мунун баарына буттан таюунун, көңүл калуунун, жоготуунун жана боштуктун оорусун баштан өткөрбөй туруп жетсе болбой тургандыгын билесиң. Чоңойгондо тажыяга барып, акыркы сапарга узатууну үйрөнүү керек экени түшүнгөнгө чейин мен да сендей болуп бат эле чоңоюуну самагам.

Бүгүн да сен 16-жылдын жай мезгилинде жана 10-жылдын жазында кылгандай эле кылышка туура келет. Сага көп нерсени кылууга жана көп нерсени үйрөнүүгө туура келет. Бирок мен бир гана сенин коштошууну үйрөнүшүңдү каалабайт элем.

Асманың ачык болсун, кымбаттуу Кыргызстан.

Отуз сегиз.

Алар бул дүйнө менен 2017-жылдын 16-январында кош айтышты.

Бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтам…

Сүрөт: Тилек Бейшеналы уулу

ТЕМА БОЮНЧА: