Орусиянын Саратов облусунда минивен менен жүк ташуучу автоунаанын кагылышынан улам каза тапкан төрт кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлдү.

ӨКМдин басма сөз катчысынын айтымында, каза тапкандардын туугандары алардын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүнү өздөрү уюштурушту.

«Спутник» маалымат агенттиги алардын сөөгү Кыргызстанга Саратов облусундагы кыргыз диаспорасынын көмөгү менен Mersedes Benz кичи автобусунда жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Автокырсык Орусиянын Саратов облусунун Нижний Новгород — Саратов трассасынын 550-чакырымында болгон.

Саратовдо минивэн менен жүк ташуучу автоунаанын кагылышынан улам жети киши каза тапкан. Курман болгондордун экөө — Өзбекстандын, бирөө — Тажикстандын жана төртөө — Кыргызстандын жарандары.

РИА «Новости» маалымат агенттиги кабарлагандай, чиркемеси бар «Вольво» жүк ташуучу автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, каршы тилкеге чыгып кетип, ал жактан «Тойота» маркасындагы минивен менен кагылышкан. Эки автоунаа тең кюветке кулап түшкөн.

Орусиянын ИИМинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жүк ташуучу автоунаанын 32 жаштагы айдоочусу кармалды.

Петров району боюнча ИИМдин аймактык башкармалыгы автокырсык боюнча кылмыш ишин козгоду. Саратов облусунун прокуратурасы аны өз көзөмөлүнө алды.

Саратов облусунун Петров районунун башчысы Денис Фадеев РИА «Новостиге» жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу жолдо баратып уктап кеткен болуш керек деген божомолун айтты.

ТЕМА БОЮНЧА: