«Боинг-747нин» кулашына байланышкан адамдардын өлүмүн коомдук желеде «улутту тазалоо жана табигый тандоо» деп атаган Таттыгүл Дөөталиева Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан кызматтан алынды. Ага чейин коомдук желени колдонуучулар аны аймак аралык чатакты козгоп жатат деп күнөөлөшкөн.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын басма сөз катчысы Абибилла Пазылов Kloop.kgге Дөөталиева университеттен Эмгек кодексинин 83-беренеси боюнча иштен кетирилгенин кабарлады.

Бул беренеде кызматкерди иштен кетирүү иш берүүчүнүн демилгеси менен «тарбия милдетин аткаруучу кызматкер бул ишти улантууга коошпой турган бузуку жорукка барышына» байланыштуу болгону айтылат.

Пазылов Дөөталиеванын жоругу «эч кайсы алкакка сыйбай тургандыгын жана педагогикалык этикага каршы келээрин» кошумчалады.

«Жазууларга караганда бул жерде чын эле адамдарды аймакка бөлүү, кандайдыр жакшы эмес маанай көрүнүп турат. Биздин коомдун реакциясы ал айрым адамдардын мындай пикирлерин жана жоромолдорун кабыл албай тургандыгын көрсөттү», — деди ал.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги бул маселе боюнча текшерүү жүргүзүп жатышат.

УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов Дөөталиеванын айткандарында аймак аралык жана улут аралык мүнөздөгү чакырыктардын бар-жогуна экспертиза жүргүзүлөөрүн билдирди.

Коомдук түйүндөрдүн колдонуучуларынын реакциясы

Түйүн колдонуучу Таттыгүл Дөөталиева «Фейсбукта» 16-январда Дача-Суу кыштагына «Боинг-747нин» кулап түшкөнү боюнча комментарий берген.

«Какшыгым үчүн кечирип койгула, адегенде капа болдум эле, азыр болсо, түштүккө кетип ошол жакта эле жашашсынчы деп калдым. Кырсык болсо эле түштүктө болот. Жер титирөөсү дагы, башкасы дагы. Эми учак үйлөрдү сүзүп түштү, бул жерде да оштуктар соккуга кабылды. Москвада кыздар күйүп кетти, алардын дагы дээрлик баары түштүктөн. Өзүнчө эле табигый тандоо, улутту тазалоо жүрүп жаткандай», — деп жазган эле ал.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов «Фейсбукта» Дөөталиеванын жазганын сындап чыкты. Ал авиакырсык тууралуу «Таттыгүл Дөөталиеванын таптакыр кара санатай комментарийлери үчүн ага каршы кылмыш ишин козгоону жактай тургандыгын» билдирди.

«Коомдук түйүндөрдө аймак аралык чатакты жана жек көрүүнү козгоо көнүмүш адат болуп калды. […] Биз элибиздин биримдигине тамашалап же чындап кол салгысы келгендердин баарынын сазайын беришибиз керек», — деп эсептейт Байсалов.

Башка колдонуучулар Дөөталиева өз пикирин айтканга укугу бар деген ойдо.

«Пикир канчалык терсаяк, жаңылыш, мазактуу, келесоо болбосун, ал үчүн соттоого болбойт», — деп эсептейт «Фэйсбуктун» колдонуучусу Даниэл Кадырбеков.

Иса Кылычбай да укук коргоо органдары коомдук түйүндөрдү пайдалануучуларды аңдууга акысы жок деген пикирде.

«Эмне үчүн буга УКМК менен ИИМ кийлигишип атат? Окуу жайынын жетекчилиги ал окутуучуну жазалаган күндө да мен ал жакта окуп, иштеп жаткандарды аяп кетем. Деги биздин эркин өлкөдө эмне деген туташ көзөмөл өкүм сүрүп жатат өзү?!» — деп жазды ал.

ТЕМА БОЮНЧА: