Казакстан: Убактылуу каттоо үчүн кезек күткөн эки кишинин өлүмүнөн кийин КТБнын башчысы кызматтан кетти

«Өкмөт жарандар үчүн» мамлекеттик корпорациясын жетектеген Данияр Еренчинов мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти. Мурда Казакстандын премьер-министри аны жарандардын убактылуу каттоосун начар уюштурганы жана аны онлайн-режимде өтүүнүн мүмкүнчүлүгү жоктугу үчүн сынга алган. Жалпысынан Алматыда убактылуу каттоого кезек күтүп жатып эки киши жан берген.

«Өкмөт жарандар үчүн» мекемесинин башчысы Данияр Еренчинов мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, өз ыктыяры менен кызматтан кетти.

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев буга чейин «Өкмөт жарандар үчүн» мамлекеттик корпорациясы казакстандыктардын каттоодон онлайн режимде өтүшү үчүн шарт түзбөгөнүнө ачуусу келген болчу.

«Биз корпорацияны жарандар үчүн түздүк эле, натыйжада мамлекеттик корпорация эмне кылып атканы дайынсыз. "Онлайн-режимде силерди каттабайт" деп элге түшүндүрмө берип койбойсуңарбы. Шарт түзбөсөңөр силерди анда эмнеге уюштурдук?» — деди ал.

Казакстанда милдеттүү убактылуу каттоо жөнүндө мыйзам 7-январдан тартып иштеп келатат. Эми өз аймагынан кетип башка жакта бир айдан ашуун жашап жаткан ар бир адам барган жеринде убактылуу каттоого турушу керек.

Жаңы эреже күчүнө киргенден кийин казакстандыктар Калкты тейлөө борборлорунда каттала башташкан. Элдин эбегейсиз зор агымы узун кезектерди пайда кылды.

Убактылуу каттоого кезек күтүп жатып Алматы шаарында эки киши жан берди. «Өкмөт жарандар үчүн» мамлекеттик корпорациясы жарандардын аманчылыгы үчүн өнөкөт оорусу бар адамдарга эл көп учурда калкты тейлөө борборуна барбай кое турууга кеңеш берген.

«Эскерте кетээрибиз, майыптарды жана боюнда бар аялдарды тейлеш үчүн КТБларда жеңилдиги бар терезелер иштейт, ал эми 1 жана 2-даражадагы майыптыгы бар дене мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар КТБ кызматкерлерин 1414 номери менен үйгө чакыра алышат», — деп айтылат мамлекеттик корпорациянын билдирүүсүндө.

Мыйзам террорчулукка каршы күрөш үчүн кабыл алынган. Жаңы эрежелерди бузгандарга полиция адегенде эскертүү берип, андан кийин 30 миң теңге (90 доллар) штраф салат.

ТЕМА БОЮНЧА: