Нарын облусу: Мушташта бир мектеп окуучусу каза таап, директор иштен алынды

Кочкордогу мектепте болгон окуучулар арасындагы жапырт мушташта бир өспүрүм бычак жеп ажал тапты. Мектептин директору жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды.

Кочкордогу Капар Кыдыралиев мектебинин алты окуучусу белгисиз себептер менен мушташа кетишкен.

«Азаттык» үналгысынын маалыматы боюнча, 10-класстын беш окуучусу классташынын үйүнө келген. Ортодон мушташ чыгып, натыйжада эки өспүрүм бычак жеген.

Өспүрүмдөрдүн бири ооруканага орточо жаракат менен жеткирилген, экинчисин сактап калыш колдон келбей калган. 10-класстын окуучусу тез жардам келгиче мушташ болгон жерде көз жумган.

Мушташ жана өспүрүмдүн өлүмү боюнча тергөө иштери башталды. Окуя болгон жерге билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева барды.

«Министр тарбия ишинин начарлыгын, ата-энелер менен байланыштын жоктугун белгиледи. Кеңешменин жыйынтыгында билим берүү бөлүмүнүн башчысы иштен кетирилди. Ал эми РАЙОНОго (райондук билим берүү бөлүмү) мектеп директорун кызматтан кетирүү тапшырылды», — деп айтышты министрликтегилер.

ТЕМА БОЮНЧА: