Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерине журналисттерге комментарий бербөөнү жана интернетти колдонбоону сунуштайт. Жарлыкка ылайык, мындай чечим «коомдук тармактарда пайда болгон ар кандай такталбаган маалыматтарга байланыштуу» кабыл алынган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен маатыматты бөлүшпөөнү жана коомдук тармактарды колдонбоону сунуш кылган жарлыкка Саламаттык сактоо министрлигинин (ССМ) жаңы статс-секретары Жазгүл Кийизбаева кол койгон.

Жарлыкка ылайык, 17-январдан тарта медицина кызматкерлери журналисттерге интеврью берүүдөн мурда өз иш-аракеттерин ССМнин басма сөз борбору менен макулдашышы керек.

Фото: 24.kg
Сүрөт: 24.kg

Медиктерге Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасына байланыштуу кандай гана комментарий болбосун, аны берүүдөн кармануу сунушталууда.

Эгерде медициналык мекеменин абалы тууралуу «такталбаган маалыматты» ЖМКга берилсе, мындай учурда жоопкерчилик ошол уюмдун жетекчисине жүктөлөт.

Буга чейин ЖМКда Бишкектеги моргдун начар абалы боюнча материалдардын сериясы пайда болгон эле.

Өлүккананын абалынын начар экени боюнча ССМнин басма сөз борборунун консультанты Елена Баялинованын фейсбуктагы постунан кийин белгилүү болгон.

Елена Баялинова коомчулуктун көңүлүн моргдун өтө начар абалына бурган. Бишкектин өлүкканасы 38 кишинин өмүрүн алган «Боинг-747нин» кыйрашынан кийин талкууга түшкөн.

«Дарыгерлерге: “Арызданбагыла, эч нерсе сурабагыла!” деп айтышат. Анан алар унчукпайт. Орто кылымдын шартында орто кылымдагы аспаптар менен иштегенин да, көп нерсени өз эсебинен сатып алганын да, ал тургай өз биоматериалын иликтөөгө садага чапканын да айтышпайт…», — деп жазган ал.

Ал Республикалык сот-медициналык экспертиза бюросунун өлүктөрдү изилдөө бөлүмүнүн башчысы Эрмек Максутов моргдун абалы тууралуу айтып берген видеону да жарыкка чыгарган.

Андан кийин бир депутат ССМге чалып, кыйынчылыктар тууралуу айтып беришкени үчүн урушканын, муну менен алар өлкөнүн аброюна шек келтирээрин айтканы белгилүү болгон. Ал эми ССМге кайсы депутаттын телефон чалганы белгисиз бойдон калууда.

Депутаттын жемеси журналисттерди нааразы кылган. «Бешинчи каналдын» корреспонденти Юрий Копытин моргдогу жана парламенттеги иш шарттарын салыштырган сюжет тарткан.

Сюжетте автор моргду мындайча сүрөттөйт: «Өлүктөрдү сактоо камерасы толуп чыккан. […] Жыты адам чыдагыс. […] Каржылоонун көпчүлүк бөлүгү эски имаратты кармап турууга кетет, ал болсо көз көрүүнө эле урап баратат».

Журналисттин айтымында, өлүкканадагы дарыгерлер өз иши үчүн 5-6 миң сом алышат, ал эми айрым аспаптарды өз акчасына сатып алганга мажбур.

Моргдон кийин сюжет парламент имаратында уланат.

Копытин фойедеги эмерек «абдан ыңгайлуу, жумшак экенин», ал эми буфетте «тамакты тандап жесе болоорун» айтат. «Парламенттегилер руханий азык жөнүндө да ойлоп коюшкан — алардын талабы менен намазкана курулган. […] Өздөрүнүн китепканасы да бар», — деп улантат баянын сюжет автору.

Копытиндин сөзү боюнча, депутаттар өз иши үчүн 50 миң сом алып, кошумча да талап кылышат.

Юрий Копытиндин сюжети 19-январда чыгып, кийинки күнү эле депутаттар журналисттерди моргдун абалына байланышкан «галстуксуз жолугушууга» чакырышкан.

Бирок алар моргдун абалына маектин төрттөн бириндей болгон убакытты бөлүшүп, калган убакытты гематология, онкология, медицина жана лабораториянын абалын талкуулап өткөрүшкөн. Кыргыз медицинасында көйгөй көп экени айтылып, бирок ошол көйгөйлөрдү чечүү жолу сөз болгон эмес.

Жолугушууда депутаттар моргдун кызматкерлери эң төмөн болгон 5000 сом айлыкка кошумча иштин зыяны үчүн жумасына эки жолу бир литрден сүт алышаарын да эскертишкен.

Депутат Елена Строкова ССМге депутаттын чалганынан шек санады.

«Ким болбосун чалып "мен депутатмын" деши мүмкүн. Ал киши жөн эле жаран же аткаруу бийлигинен эмес экенине кепилдик жок. Андай болсо бул сөздөрдүн маанисин ылгоонун кереги деле жок», — деди ал.

Бирок парламентарийлер моргдогу шарттын начар экени боюнча арыздангандарга нааразы болгон өз кесиптешинин атын билүүнү убадалашты. Моргдун абалы качан оңолот азырынча белгисиз.

«Галстуксуз» жолугушуусунан толук видео:

ТЕМА БОЮНЧА: