Бишкек мэрин шайлоо: Сот утулган талапкердин доо арызын четке какты

Бишкектин Биринчи май райондук соту мэрдин кызматына талапкер болуп утулуп калган Нурдин Абдылдаевдин Боршайкомго каршы доо арызын четке какты. Ал шаар башчыны шайлоо мыйзам бузуу менен өттү деп эсептегендиктен, сотко арыз берген.

Биринчи май райондук соту адегенде Абдылдаев бузулду деп эсептелген жети бюллетень боюнча экспертиза өткөрүү тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Андан кийин сот БШКга каршы доо арыздын өзүн да четке какты.

Абдылдаев шайлоодон кийин мэр шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай тургандыгын, анткени бюллетендерде калемсап менен коюлган атайын кол белгилер менен чекиттерди тапканын билдирген.

«Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына жашыруун добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилген жок. Жогоруда кеп болгон "белгилер” ар бир депутаттын добушун көзөмөлгө алыш үчүн атайын коюлган», — деген депутат.

Абдылдаев шайлоо «Башкалаанын статусу жөнүндө» жана «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарды, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин регламентин өтө одоно бузуу менен өттү деп эсептейт.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 11-январда болгон. Добуш берүүнүн жыйынтыгында азыркы шаар башчы Албек Ибраимов мэр болуп шайланган. Ибраимовдун талапкерлиги үчүн 43 депутаттын 29у, Абдылдаев үчүн 12си добуш берген.

ТЕМА БОЮНЧА: