Саламаттык сактоо министри алты киши авиаотун менен ууланганын төгүндөдү [жаңыланды]

«Боинг-747» 16-январда кулап түшкөн Дача-СУ айылындагы беш бала жана 18 жаштагы кыз ооруканаларга жаткырылды. Мурда алар авиациялык керосиндин буусу менен ууланып калышы мүмкүн экени кабарланган. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралев бул маалыматты жокко чыгарды.

Жаңылык 19:00да жаңыртылды.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Дача-Суу кыштагындагы балдар жана кыз авиаотундун буусу менен ууланышы мүмкүн эмес экенин билдирди.

Анын айтымында, ооруканага чын эле беш бала жана 18 жаштагы кыз түштү, аларды жакындары авиаотундун буусу менен ууланып калган го деп эсептешет. Ал бул балдар керосин менен ууланышы мүмкүн эмес экенин, ооруканага жаткырылгандардын биринде вирустук инфекция табылганын айтты.

«Үчүнчү күндө биз калк колдонгон суунун үлгүлөрүн алганбыз, анда эч кандай аралашма табылган эмес. Абанын курамында да уулангыдай кошундулар жок болчу», — деди ал.

Батыралиев адистерге балдардын оорусунун себебин таап чыгууну тапшырганын кошумчалады.

«Толук талдангандан кийин тагыраак айта алабыз. Жытка ууланып калышы күмөн», — деди ал.

Ооруканага жаткырылган балдардын жаш курагы азырынча белгисиз, алар Бишкектин № 3-балдар ооруканасында жатат. № 4-шаардык ооруканага 18 жаштагы кыз да жөнөтүлгөн.

Авиаотун менен беш бала ууланганы тууралуу азыр авиакырсыктан жабыркагандарга көмөк көрсөтүп жүргөн «Жардам берген оңой» фондунун жетекчиси Динара Аляева «Фейсбукта» жазып чыккан.

«Кырсык болгон жерден керосин төгүлгөн үйлөрдөн тургундарды көчүрүүнү өтүнөбүз!» — деп жазган Аляева.

«Биринчи балдар хосписинин» ыктыярчысы Ольга Труханова «Фейсбукта» тургундар көчөгө чыкканда «демигип, жөтөлүп жатышканын» жазган.

«Эмне үчүн эмгиче эл эвакуацияланган эмес?! Азыр кар жаай баштады, чатыры жок калган үйлөр акырындап урап жатат», — деп жазган ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын кеңешчиси Елена Баялинова «авиакеросин менен уулануу» деген алдын ала диагнозу бар кыштак тургундары ооруканага жаткырылганын мурда ырастаган.

Жүк ташуучу учак «Манас» аба майданынын жанына 16-январда Бишкек убактысы боюнча таңкы 7:20да кулап түшкөн. Ал жакын жайгашкан Дача-СУ кыштагын басып калып, 60тан ашуун киши жашаган 26 үйдү талкалаган.

Жүк ташуучу учактын кулашынын айынан 38 киши курман болгон. Курман болгондордун көпчүлүгү — дача кыштагынын тургундары. Кыштактын дагы бир тургуну катуу күйүктүн айынан 22-январда каза тапты.

Авторлошу: Александра Титова
Сүрөт: Тилек Бейшеналы уулу

ТЕМА БОЮНЧА: