Февралдан тартып коомдук жайда сөгүнүү жана ичкилик ичүү үчүн штрафтар көбөйөт

Президент коомдук жайларда алкоголдук ичимдик ичип, сөгүнүү үчүн штрафты бир канча эсе көбөйткөн Административдик кодекстеги өзгөртүүлөрдү жактырды. Мыйзам он күндөн кийин күчүнө кирет.

Түзөтүүлөрдүн максаты «жаштар менен коомдун тарбиясынын деңгээлин көтөрүү» болуп эсептелет.

Сөгүнүү үчүн жазаны күчөтүү идеясы «Республика — Ата-Журт» фракциясынын үч депутаты — Мирлан Жээнчороевге, Руслан Казакбаевге жана Өмүрбек Бабановго, ошондой эле социал-демократтардын лидери Иса Өмүркуловго таандык.

Жаңы мыйзам боюнча коомдук жерлерде сөгүнүп, ар кимди кемсинтип, асылып жана коомдук тартипти бузган адамдарга штраф беш эсе көбөйөт: 300 сомдон 1500 сомго чейин.

Жумушта алкоголдук ичимдиктерди ичкендиги үчүн штраф 10 эсе көбөйөт: 100 сомдон 1000 сомго чейин.

Жаш өспүрүмдөрдү тилемчиликке тартуу, алкоголдук же акыл-эске таасир этүүчү заттарды колдонуу үчүн айып 1000-2000 сомдон 5000-10000 сомго чейин көбөйүшү мүмкүн.

Бирок мыйзам долбоорунун авторлору кайсы сөздөр уят экенин айта алышкан жок.

ТЕМА БОЮНЧА: