Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашкан «Кордай» өткөрмө пункту мурда пландалган кайра куруу иштери үчүн жети айга жабылышы мүмкүн. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул маселе каралып гана жатканын билдирди.

«Кордайдын» жабылышы жөнүндө маалыматты биринчилерден болуп Казакстандын гезиттеринин бири билдирди. Гезиттин маалыматына ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы эң белгилүү өткөрмө пунктун кайра куруу иштери 2017-жылдын февралынан августуна чейин жасалат.

Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы «Кордай» өткөрмөсүнүн убактылуу жабылышы жөнүндө кабар албаганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Сажыра Чоколоева бул өткөрмө пунктунун жабылыш маселеси «каралып жатканын» айтты.

«Расмий токтом азырынча чыга элек, өткөрмө пункту штаттык режимде эле иштеп жатат», — деди ал.

2016-жылдын сентябрь айында Казакстандын бийлиги өз тарабынан өткөрмө пунктунун далисин кеңейтээрин билдирген. Бул пландар тууралуу Акыйкатчы Кубат Оторбаев кыргыз-казак чек арасын өтүүдө элдин кандай оор шарттарда болгонун видеого тартып алгандан кийин айтылган.

30-августта Оторбаев өзүнүн казак кесиптешине кат жөнөтүп, темир далис чек ара пункттарынын стандарттарга дал келбестигине көңүл бурууну суранды.

Казак Акыйкатчысы Аскар Шакиров анын мекемеси байкоо жүргүзгөнүн билдирип, чек араны өтүү шарттары «эл көп сезондо абдан ыңгайсыз» экенин моюнга алган. Ал өз мамлекетине босогону кеңейтүүнү сунуш кылган.

Ал ошондой эле Кыргызстандын бийлиги чек аранын өз тарабындагы далистин абалын оңдошун талап кылган.

«Кордай» өткөрмө пункту - кыргыз-казак чек арасында эң популярдуу. Ал негизинен Кыргызстан менен Казакстандын чоң шаарлары болгон Бишкек менен Алматынын арасында саякаттагандар тарабынан колдонулат. Жай мезгилинде бул пункт Ысык-Көлгө бара жаткан казак туристер тарабынан пайдаланылат.

ТЕМА БОЮНЧА: