Тажикстан: Бийлик Ооганстан менен чек арада жоочулар топтолуп калганын жарыялады

Тажикстандын бийлиги өлкөнүн Ооганстан менен чек арасында ар кандай террордук уюмдардын жоочулары топтолгонун жарыялады. Алдын ала маалыматтар боюнча чек арага жакын аймактарда 10-15 миң киши чогулду.

Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзод Ооганстан менен чек арада жоочулар топтолуп калганын жарыялады.

Анын айтымында, чек арада ар кандай экстремисттик уюмдардан 10 миң киши топтолгон.

«Биз так эсептей алган жокпуз, бирок ал жерде ар кандай террордук уюмдардын болжол менен 10-15 миң жоочусу жүрөт. Ооганстандагы кырдаал татаал. Ал эч кимге жашыруун деле эмес жана ал кырдаал биздин тынчыбызды алып жатат», — деди ал.

Рахимзод террордук уюмдардын катарында Тажикстандын жарандары да бар экенин айтты.

«Бирок ал жакта Тажикстандын гана жарандары эмес, ар кайсы өлкөлөрдөн келген немелер бар. Ооганстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери күндөп-түндөп иштеп жатышат, бирок ал жакта кырдаал абдан татаал», — деди ал.

Министрдин айтымында, чек арадагы кырдаал көзөмөлдө турат.

Мурда өлкөнүн бийлиги Ооганстандын түндүгүндөгү туруксуз кырдаалдан улам тажик чек арачылары акыркы убакта согушка даярдык абалында жүрүшкөнүн билдиришкен.

Ооганстандагы кырдаал былтыр күзүндө курчуду. Тажикстандын бийлиги 2016-жылдын октябрында Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында Ооганстандн өкмөттүк күчтөрү менен «Талибан» кыймылынын ортосунда айыгышкан салгылашуу болгонун билдиришкен. Бирок анда Тажикстандын чек арасына коркунуч туулганы тууралуу кабар болгон эмес.

Сүрөт: РИА Новости, Хушнуд Рахматуллаев

ТЕМА БОЮНЧА: