Ош облусу: Баскетбол оюну үчүн окуучулар жапырт мушташа кетишти

Ош облусунун Араван районунда баскетбол оюнунан кийин сегиз окуучу оюн учурунда чыккан пикир келишпестиктен улам мушташа кетишкен. Милиция төрт өспүрүмдү кармап, аларга кылмыш ишин козгоду.

Араван районунун ИИБнин басма сөз катчысы Жанна Сатарбекова Kloop.kgге баскетбол оюну үчүн жогорку класстын окуучулары өз ара мушташа кетишкенин айтты.

Оюндан кийин окуучулар талаага «сүйлөшүп келгени» чыгып, ал жерде кайым айтышуу мушташка айланып кеткен.

Жапырт мушташта окуучулар бычак колдонушкан.

«Азыр аларда эмне үчүн бычак болгону, алар ал бычакты эмнеге алып чыкканы аныкталып жатат», — деди Сатарбекова.

Жабыркаган төрт өспүрүм ооруканада ар кандай жаракат алып жатышат.

Милиция мушташта жабыркабаган төрт окуучуну кармап кетти. Аларга каршы «ден соолукка атайылап оор зыян келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Алар алты жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Азр өспүрүмдөр тергөө изоляторунда тергөө бүткүчө отурушат.

ТЕМА БОЮНЧА: