Иммигранттарга каршы дубал жана террорчулук менен күрөш үчүн кыйноо. Трамптын алгачкы иш жумасы дагы эмнеси менен эсте калды?

Террорчулук менен күрөштүн ыкмасы катары кыйноону колдоо, Мексика менен чек арада дубал куруу, саламаттык сактоо реформасын токтотуу — президент болгондон бери Дональд Трамптын алгачкы иш күндөрү дагы эмнеси менен эсте калды?

Мексика менен чек арадагы дубал

Трамптын шайлоо алдындагы негизги убадаларынын бири Мексика менен чек арага дубал куруу болчу. Ал аны «улуу дубал» деп атап, анын курулушу үчүн Мексика өзү акча төлөй тургандыгын айткан.

Трамп президент болгондон кийин өз сөзүнөн баш тарткан жок. 25-январда ал дубалдын курулушун баштоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Жаңыдан шайланган президент анын зарылдыгын Мексикадан АКШга «мыйзамсыз иммигранттар, зордукчулар, баңгизат жана кылмыштуулук» кирип жатканы менен түшүндүргөн.

АКШ менен Мексиканын чек арасындагы азыркы дубал. Сүрөт: «Рейтер».
АКШ менен Мексиканын чек арасындагы азыркы дубал. Сүрөт: «Рейтер».

Трамптын өзүнүн болжолдуу баасы боюнча дубалдын курулушуна 12 миллиард доллар кетет. Бирок айрым эксперттер бул баа төмөндөтүлгөн, долбоордун баасы андан кымбат түшөт деп эсептешет.

Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньето Трамптын чечимин сынга алып, анын өлкөсү дубалдын курулушуна акча төлөбөй турганын билдирген. Ал Трамп президенттик кызматка талапкер болуп турган кезде эле ошондой эле билдирүү кылган.

Обаманын медициналык реформасынан баш тартуу

Трамп өзүнө чейин Барак Обама ишке киргизген «Obamacare» медициналык камсыздандыруу системасын жокко чыгарды. Ал системанын шарапаты менен акчасы аз кишилер медициналык камсыздандырууга субсидия алышчу.

Сүрөт: flickr, Will O’Neill
Сүрөт: flickr, Will O’Neill

Андай реформага жол бериш үчүн мамлекет бардык америкалыктарды акы төлөнүүчү медициналык камсыздама сатып алууга милдеттендирген эле. Ал реформанын убагында 2010-жылдан бери 20 миллионго жакын америкалыктар медициналык камсыздамага ээ болууга жетишкен.

Республикачылар Конгрессте далай жолу бул реформаны токтотуш үчүн добуш беришкен, бирок акыркы баскычта президенттин ветосунан ашып өтө албай коюшкан. «Obamacare» реформасынын каршылаштары анын натыйжасыздыгын кеп кылып, Обаманын өзүн болсо «социалист» деп атап жиберишкен.

Тынч океан аралык өнөктөштүктөн (ТАӨ) чыгуу

Трамп кол койгон дагы бир жарлык АКШнын Тынч океан аралык өнөктөштүктөн чыгышы тууралуу болду.

Бул соода биримдигине Азия-Тынч океан аймагынын 12 өлкөсү — Жапония, Сингапур, Вьетнам, Канада, Австралия, Жаңы Зеландия, Мексика, Перу, Чили, Малайзия жана Бруней кирет. ТАӨ өнөктөштүккө кирген өлкөлөрдүн товарлары жана кызмат көрсөтүүсү үчүн бардык бажы алымдарын алып салган.

Сүрөт: cont.ws.
Сүрөт: cont.ws.

Трамптын пикиринде, АКШ бул биримдиктин айынан көп жумуш ордунан кол жууду. Ал ТАӨдөн чыгуу «эмгек акысы жакшы төлөнө турган миллиондогон жумуш орундарын түзөт» деп убада берген. Ал АКШнын башка өлкөлөр менен эки тараптуу кызматташтык түзүшү бул биримдиктен пайдалуураак деп эсептейт.

ТАӨ Обаманын саясатында Азия мамлекеттери менен достук мамилени камсыз кылуунун башкы элементтеринин бири эле.

АКШ менен Канаданын ортосунда мунай куурун салуу

Трамп АКШ «Keystone XL» жана «Dakota Access» мунай куурларын салууну кайра жандандыра турган жарлыкка кол койду. Алар аркылуу Канададан чыккан мунай АКШга келет, Трамптын пикиринде бул курулуш тармагында 30 миңдей жумуш орундарын түзөт.

Мунай куурунун насос станциясы. Иллюстративдик сүрөт, «Рейтер».
Мунай куурунун насос станциясы. Иллюстративдик сүрөт, «Рейтер».

Президент болуп турган кезинде Обама бул түтүк куурунун курулушуна вето коюп салган. Ал кезде индеецтердин резервацияларында жашаган тургундар мунай кууру алар жашаган жердеги экологияга зыян тийгизээрине нааразы болушкан.

Трамп өз сөздөрүндө аны жер бетин жылуулук капташы жана экология маселелери түйшөлдүрбөй тургандыгын бир нече жолу баса белгилеген.

Бойдон алдырууну колдогон өкмөттүк эмес уюмдарды каржылоого тыюу салуу

Жаңы президенттин кийинки кадамы бойдон алдырууну колдогон өкмөттүк эмес уюмдарды каржылоого тыюу салуу болду.

Эне-баланын өлүмү көп катталган абдан жарды өлкөлөрдө миллиондогон аялдар коммерциялык эмес уюмдардан бойдон алдыруу боюнча жардам жана кеңеш алышат. Ал уюмдар негизинен АКШ тарабынан каржыланат.

Иллюстративдик сүрөт.

АКШда бойдон алдырууну мамлекеттик каржылоого дайыма тыюу салынып келген, бирок бул өкмөткө бойго бүтүүдөн сактануу жана бойдон алдыргандан кийин калыбына келүү программаларына акча бөлүүгө жолтоо болчу эмес.

Бойдон алдырууну каржылоого тыюу салуу жөнүндө мыйзамды биринчилерден болуп республикачылардан президенттикке шайланып келген Рональд Рейган 1984-жылы киргизген. Ошондон бери бул документ бийликтеги президенттин кайсы партиядан экенине жараша бирде жокко чыгарылып, бирде кабыл алынып келатат. Обама ал мыйзамды жокко чыгарган демократтардын акыркысы болуп калды.

Иммигранттардын киришине тыюу

Трамп мыйзамсыз иммиграция жана мусулман өлкөлөрүнөн келген мигранттар менен күрөшүүгө убада берген. Анын айтымында, бул америкалыктарды жихадчылардан сактайт.

Иллюстративдик сүрөт, Вашингтон пост.
Иллюстративдик сүрөт, Вашингтон пост.

Анын качкындардын көбүн киргизүүгө убактылуу тыюу салуу жана Сириянын, Ирактын, Ирандын, Либиянын, Судандын, Сомалинин жана Йемендин жарандары үчүн виза берүүнү токтотуу жөнүндө тапшырмага кол коюу ниети бар.

Маалымат булактарынын айтымында, тапшырмалардын долбоору даяр жана шаршембиде биринчи жарлыкка кол коюлушу мүмкүн.

ЭСТАМды кайра карап чыгуу

1994-жылы Мексика менен Канаданын ортосунда түзүлгөн Эркин соода боюнча Түндүк Америка макулдашуусу (ЭСТАМ) да Трамптын назарына илинбей калган жок.

Ал Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньето менен жолугушууну белгиледи.

Мурда эле Трамп ЭСТАМды «өз ара соода тууралуу АКШ түзгөн эң начар келишим» деп баалап келген. «Эгерде Канада менен Мексика америкалык жумушчулар үчүн "калыс келишимди" камсыз кылыш үчүн ЭСТАМды кайрадан карап чыгууга макул болушпаса, АКШ бул макулдашуудан чыгат», — деп билдирди Ак үй.

Анын айтмында, жаңы макулдашуу миллиондогон жумуш орундарын кайра АКШга кайтарып келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мексиканын президенти менен жолугушуу 31-январга пландалган, Канаданын премьер-министри менен сүйлөшүүнүн убактысы болсо азырынча белгисиз.

Террорчулук менен күрөш үчүн кыйноо

ABC каналы менен болгон маекте Трамп террорчулук боюнча шектүү адамдарды суу менен кыйноону эч кандай уят иш деп эсептебей турганын билдирди. Анын айтымында, чалгын кызматынын жогорку даражалуу кызматкерлери бул ыкма сурактын натыйжалуулугун арттырат деген пикирге макул.

Иллюстративдик сүрөт, Гуантанамо түрмөсү. Сүрөт: АКШнын коргоо министрлиги.
Иллюстративдик сүрөт, Гуантанамо түрмөсү. Сүрөт: АКШнын коргоо министрлиги.

Трамп азырынча атайын кызматтарга сурактын мындай ыкмаларына уруксат берер-бербесин чече элек. Ал жаңы коргоо министри Жеймс Мэттисти жана БЧБнын (CIA) жаңы директору Майк Помпеону мындай аракеттерге эл аралык укук канчалык жол берээрин талдап көрүүнү суранды.

«Алар атып атышат, Жакынкы Чыгышта христиан болуп калганы үчүн эле биздин — биздин эле эмес — жарандардын башын кесип атышат. Эгерде ИГИЛ биз орто кылымдардан бери укпаган нерселерди кылып жатса — эмне үчүн мен суу менен кыйноодон жийиркенишим керек?» — деди президент.

Шайлоо өнөктүгүндө эле Трамп жеңишке жетишсе, өз атайын кызматтарына террорчулук боюнча шектүү кишилерди суу менен кыйноого уруксат бериши мүмкүн экенин айткан. Бирок абдан катуу сын пикирлерге туш болгондон кийин ал эл аралык укукка каршы келген буйруктарды бербей тургандыгын тактаган болчу.

Авторлошу: Элвира Муратова
Башкы сүрөт: Flickr/Gage Skidmore.

ТЕМА БОЮНЧА: