Усэйн Болт олимпиадалык алтын медалдарынын биринен айрылды

Айтылуу ямайкалык спринтер эстафета боюнча өнөктөшүнүн биринин сынам үлгүсүнөн кызытма чыкканы үчүн Бээжин Олимпиадасынын алтын медалынан айрылды.

Тогуз жолку Олимпиада чемпиону Усэйн Болт эми сегиз жолку чемпион болуп калды — Болт жана Ямайканын чуркоо боюнча курама командасындагы анын өнөктөштөрү команданын спринтерлеринин бири Неста Картердин үлгүсүнөн кызытма чыкканы үчүн Олимпиаданын алтын медалынан айрылышты.

Неста Картер жана Усэйн Болт. Сүрөт: YouTube

Картердин канынан метилгексанамин табылды — ал нерв системасынын жандандыруучусу, анын аракети адреналиндикине окшош.

«Эркектер арасында 4х100 метрлик эстафетаны утуп алган Картер Бээжиндеги Олимпиада оюндарынан дисквалификацияланды. Үлгүлөрдү кайра талдаганда тыюу салынган метилгексанамин деген зат чыкты», — деп айтылат Эл аралык олимпиада комитетинен билдирүүсүндө.

Кайрадан текшерүүнүн жыйынтыктарынан улам эстафетага катышкан ямайкалык төрт спортчу тең медалынан айрылат.

Ошентип, 2008-жылдагы Олимпиада оюндарынын алтын медалы Тринидад менен Тобагонун командасына, күмүшү — Жапонияга, ал эми колосу — Бразилияга өтөт.

Картердин өзү бир жарым жылга чейин мелдештерден четтетилет.

ТЕМА БОЮНЧА: