77 жаш курагында британялык актёр Жон Хёрт дүйнөдөн кайтты. Ал «Гарри Поттер», «V — демек вендетта», «1984» тасмаларында роль жараткан. Актёрдун өлүмүнүн себеби катары уйку безинин рагы айтылууда, ал өмүрүнүн соңку жылдарында бул илдет менен күрөшүп келген.
Өзүнүн 60 жылдык карьерасында Жон Хёрт тасмада каза болгон каармандын ролун жараткан. Анын кинодогу ажалы ар кандай болгон: асынып өлүүдөн жана ок жегенден тартып көкүрөгүнөн башка планеталык жарып чыкканга чейин. Ал эми 2017-жылдын 28-январында ал бул жашоо менен чын эле кош айтышты.
Улгайып калганына карабастан Хёрт активдүү түрдө киного тартылып турган. Ал тартылган үч соңку фильм анын көзү өтүп кеткенден кийин көрармандарга тартууланат. Алар: «Менин атым Ленни», «Кыйын убакыт» жана «Гиперграфия».
Анын фильмографиясы ар түрдүү. Анда чындыгында кино тарыхында кала турган культтук тасмалар бар.
«Полярдык экспресс» жана «Пил адамдагы» ролу үчүн Хёрт BAFTA сыйлыгын алган, ал эми 1966-жылда тартылган «Бардык убакыттын адамы» тасмасы болсо «Оскарга» сегиз жолу көрсөтүлүп, алты статуэткага жж болгон.
Хёрт өзүнүн «1984», «Чочун», «V — демек вендетта» фильмдери жана «Доктор Ким», «Мерилин» жана «Бош тажы» сериалдарындагы ролдору менен эсте калат.