Актёр Жон Хёрт дүйнөдөн кайтты

77 жаш курагында британялык актёр Жон Хёрт дүйнөдөн кайтты. Ал «Гарри Поттер», «V — демек вендетта», «1984» тасмаларында роль жараткан. Актёрдун өлүмүнүн себеби катары уйку безинин рагы айтылууда, ал өмүрүнүн соңку жылдарында бул илдет менен күрөшүп келген.

В серии фильмов о волшебнике Гарри Поттере Херт сыграл продавца волшебных палочек Олливандера.
Сыйкырчы Гарри Поттер тууралуу фильмде Хёрт Олливандердин сыйкырдуу таякчаларын сатуучу болуп ойногон.

Өзүнүн 60 жылдык карьерасында Жон Хёрт тасмада каза болгон каармандын ролун жараткан. Анын кинодогу ажалы ар кандай болгон: асынып өлүүдөн жана ок жегенден тартып көкүрөгүнөн башка планеталык жарып чыкканга чейин. Ал эми 2017-жылдын 28-январында ал бул жашоо менен чын эле кош айтышты.

Улгайып калганына карабастан Хёрт активдүү түрдө киного тартылып турган. Ал тартылган үч соңку фильм анын көзү өтүп кеткенден кийин көрармандарга тартууланат. Алар: «Менин атым Ленни», «Кыйын убакыт» жана «Гиперграфия».

Кадр из фильма «Чужой».
«Чоочун» фильминен кадр.

Анын фильмографиясы ар түрдүү. Анда чындыгында кино тарыхында кала турган культтук тасмалар бар.

Джон Херт в роли человека-слона.
Жон Хёрт пил адамдыр ролунда.

«Полярдык экспресс» жана «Пил адамдагы» ролу үчүн Хёрт BAFTA сыйлыгын алган, ал эми 1966-жылда тартылган «Бардык убакыттын адамы» тасмасы болсо «Оскарга» сегиз жолу көрсөтүлүп, алты статуэткага жж болгон.

Херт сыграл главного антагониста в «V - значит вендетта».
Хёрт «V — демек вендеттада» башкы антагонисттин ролун жараткан.

Хёрт өзүнүн «1984», «Чочун», «V — демек вендетта» фильмдери жана «Доктор Ким», «Мерилин» жана «Бош тажы» сериалдарындагы ролдору менен эсте калат.

Джон Херт в сериале «Доктор Кто».
Жон Хёрт «Доктор Ким» сериалында.

ТЕМА БОЮНЧА: