Ирандык режиссёр Асгар Фархади президент Дональд Трамптын жаңы жарлыгынан улам «Оскар» сыйлык тапшыруу аземине катыша албайт. Режиссёрдун «Сатуучу» («Forushande») картинасы «Эң мыкты чет элдик фильм» наамына ат салышууда.

«Оскарга» ат салышкандардын бири, ирандык режиссёр Асгар Фархади 89-салтанаттуу алтын статуэтка тапшыруу аземине катыша албайт. Бул тууралуу иран-америка кеңешинин башчысы Трита Парси өзүнүн твиттер аккаунтунда билдирди.

«Тастыкталды: Асгар Фархади “Оскарга” катышуу үчүн Ирандан АКШга бара албайт», — деп билдирди кеңештин башчысы.

Фархади «Оскар», «Алтын аю», «Алтын глобус» сыйлыктарынын лауреаты жана BAFTA сыйлыгына талапкер. Ал сыйлык тапшыруу аземине өзүнүн «Сатуучу» тасмасы менен катышышы керек болчу, бирок АКШнын президенти Дональд Трамптын көпчүлүк калкы мусулмандарды түзгөн жети өлкөнүн жарандарын убактылуу киргизбөө жөнүндөгү жаңы жарлыгына туш болгон.

Бул салынган тыюудан улам режиссёр өзүнүн кино тарткан командасы менен иш-чарага келе албай калды. Америка киноискусство академиясынын мүчөлөрү бул фактты «тынчсызданууну жараткан» деп аташкан.

«Оскар наамын алган "Надер менен Симиндин ажырашуусу" фильминин режиссёру жана быйыл "Оскарга" "Сатуучу" тасмасы менен ат салышып жаткан Асгар Фархадинин жана анын командасынын диний ишениминен же жашаган өлкөсүнөн улам мамлекетке кире албай жатышы биздин өтө тынчсыздануубузду жаратат», — дешкен Америка киноискусство академиясынан.

Таране Алидусти
Таране Алидусти

«Сатуучу» фильминде башкы ролду ирандык актриса Таране Алидусти аткарган. Ал сыйлык тапшыруу аземине жаңы шайланган президенттин салган тыюусуна каршылык белгиси катары катышпайт.

«Трамптын Ирандын тургундарына виза берүүгө тыюу салуусу — расисттик. Бул маданий иш-чарабы, же жокпу, маанилүү эмес. Каршылык көрсөтүү белгиси катарында мен 2017-жылдагы киноакадемиянын сыйлык тапшыруу аземине барбайм», — деген Алидусти.

АКШ 28-январда сириялык качкындарды кабыл алууну токтотуп, башка өлкөлөрдөн качкындарды кабыл алуу программасын төрт айга тоңдурган. Ошондой эле Сириянын, Ирактын, Ирандын, Ливиянын, Судандын, Сомалинин жана Йемендин жарандарына виза берүү токтотулган.

Дональд Трамптын жарлыгы БУУнун жана ошондой эле АКШдагы жана чет жердеги укук коргоо уюмдарынын нааразылыгын жараткан.


ТЕМА БОЮНЧА: