Теннис: Рожер Федерер Australian Openдин финалында Рафаэль Надалды жеңип алды

Рафаэль Надаль менен Рожер Федерердин ортосундагы Australian Openдин финалындагы теннис «Эль Класикосу» 35 жаштагы швейцариялыктын жеңиши менен аяктады.

Рафаэль Надаль менен Рожер Федерердин дээрлик төрт саатка созулган классикалык теннис беттешинде ийгилик Федерер тарапка ооду. Беш сеттин жыйынтыгы боюнча финалда Рожер Федерер жеңишке жетти.

Финал аябай чыңалган абалда өттү. Спортчулар кезек-кезек менен артыкчылыкты колго алып жатты. Оюндар узак жана оор болуп, финалисттер ката кетирбегенге аракет кылышты.

«Кубокту экиге бөлүүгө болсо жакшы болмок, мен аны Рафаэль менен бөлүшмөкмүн. Ал кубокко татыктуу», — деди Федерер жеңиш сөзүндө.

Надалдын курч оюн көрсөткөнүнө карабастан биринчи сет 6:4 эсеби менен аяктады. Экинчи сетте испаниялык оюн бир жерге топтоп, эсепти 6:3 кылды.

Үчүнчү сетте Федерер артыкчылыкты колго алып, 6:1 эсеби менен жыйынтыктаса, төртүнчүсүндө 6:3 болгон.

Бешинчи чечүүчү сеттин эки оюнунда тең Надаль 2:0 кылып, бирок Федерер оюнда үстөмдүк көрсөтүп, кийин эсепти 3:3кө теңеген.

7- жана 8-оюндарда швейцариялык артыкчылыкты колго алып (5:3), эң татаал болгон тогузунчу оюнда Федерер матчта дагы, турнирде дагы жеңишке жеткен.

Швейцариялык өзүнүн акыркы финалын беш жыл мурда 2012-жылы утуп алган. Анда Уимблдон турниринде ал ошол учурдагы дүйнөнүн биринчи ракеткасы Энди Маррейди уткан.

Сегиз жыл мурда 2009-жылы Надаль менен Федерер Мельбурндагы Австралиянын Ачык чемпионатында жолугушкан. Анда өжөрлүк жана эрк тажрыйбалуу Федерерге каршы эң татаал оюнда Надалга жардам берген.

Эки теннисчинин жеке беттештери боюнча статистика да Надалдын тарабында, 23:11.

Чоң туулганын турнириндеги биринчи сезонунда жеңүү Федерерге ATPнын рейтингиндеги топ-10го кирүүгө өбөлгө түзөт.

Финалга чейин ал болгону 17-орунду ээлеп келген. Дүйнөлүк рейтингдин 9-катарында турган Надаль дагы өз абалын жакшыртууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

Бул турнирдин финалында Надаль менен Федерердин беттешээрин көпчүлүк деле күткөн эмес. Көпчүлүк финалда Энди Маррей менен Новак Жокович беттешет деп божомолдоп жаткан.

Бирок дүйнөнүн биринчи ракеткасы Маррей 4-айлампада эле германиялык Михаил Зверевден утулуп калып оюндан четтеген. Ал эми Жокович болсо өтө күтүлбөгөн жерден 2-айлампада өзбек теннисчиси Денис Истоминден жеңилип калган.

Надаль менен Федерердин кимиси жеңээрин алдын ала айтуу оор болгон.

Рожер Федерердин капчыгында Чоң туулганын 17 кубогу болсо, ал эми Надалда 14.

Кечээ ушул эле кортто аялдардын финалында эже-сиңди Уильямстар беттешип, өзүнүн 23-жеңишине Серена жеткен.

Чоң туулганын кийинки турнири ушул жылдын жаз мезгилинде өтөт.

Сүрөт: Аusopen


ТЕМА БОЮНЧА: