Алдамчылык боюнча шектүү депутат мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырды

КСДПнын депутаты Нурмахаммат Баяхунов мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырды. Ал бул кызматта үч айга жакын болду. Мурда ал 16 миллион сомдун ээлеп алынышына жана жер менен алдамчылык кылууга байланышкан иштин негизги фигуранттарынын бири болгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы Баяхуновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Анын жардамчысы депутат өз ыктыяры менен мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазганын айтып, бирок анын себептерин ачыкка чыгарган жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Айболот Айдосов Kloop.kgге Баяхуновдун ордуна КСДПнын тизмесиндеги кийинки орунда турган Аалы Карашев депутат болуп келээрин айтты.

Аалы Карашев
Аалы Карашев

Карашев президенттин аппарат башчысынын биринчи орун басары болгон, ал эми 2015-жылдын апрелинде Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министринин кызматын аркалаган. Карашев КСДП партиясынын түштүк аймактар боюнча шайлоо алдындагы штабын жетектеген.

Президенттин аппарат башчысынын биринчи орун басары болуп Сапар Исаков дайындалды. Исаков Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кишилеринин бири. Ангела Меркель менен жолугушууда Атамбаев аны ал тургай «менин оң колум» деп айтканы бар.

16 миллион сомдун жоголушу

Баяхунов депутаттык мандатын 2-ноябрда алган. 2015-жылдын декабрында каржы полициясы колунда жок майыптардын «Нур Күч» бирикмесинен 16 миллион сом жоголгону боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда Баяхунов бул иште негизги фигурант болгон эле.

Бирикменин мүчөлөрү Баяхунов алар менен макулдашууга кол коюп, көп кабаттуу үй курууга 81 гектар жер бөлүп берүүгө убада бергенин билдиришкен. Алар аткаминер жерди курулуш үчүн трансформациялоодо айыл чарбасынын зыянын толтуруш үчүн алардан акча сураганын айтышкан.

Бирикме мүчөлөрүнүн айтымында, алар акчаны Баяхуновго 2015-жылдын февралында беришкен, аткаминер болсо жерди бөлүп берүү жөнүндө макулдашууга мөөр басып, кол коюп, дүмүрчөк жазып берген.

Өз кезегинде Баяхунов акча алганын да, документтердин аныктыгын да танып чыккан. Кылмыш ишине карабастан ал депутат болуп шайланган.

КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов ал кезде Баяхунов акча алууга жана жер менен болгон алдамчылыкка тиешеси жок экенин айткан болчу.

Чүй облусунун ИИБи КСДП депутаты Нурмахаммат Баяхуновдун иши кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу жабылганын 2016-жылдын 28-декабрында билдирген.

Сүрөт: sdpk.kg


ТЕМА БОЮНЧА: