Өкмөт: «Дордойдогу» контейнерлердин бир бөлүгү кыш мезгилине байланыштуу жабылган

Өкмөттүн аппараты «Дордой» базарында алты миң контейнердин жабылышы кыш мезгилине жана базардан буюм алган коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын «чөнтөгүнүн жукалыгына» байланыштуу экенин билдирди. Бирок экономист Айылчы Сарыбаев базардагы мынча контейнердин жабылышы Кыргызстандын ЕАЭБге киришинин кесепети деп эсептейт.

Өкмөт «Дордой» базарындагы 18 миң контейнердин ичинен алты миңи жабылганы кыш мезгилине байланыштуу жана жылда болуучу көрүнүш деп билдирүүдө.

«Кыш мезгилинде "Дордой" базарында иш азайышы жыл сайын кездешет жана сезондук мүнөзгө ээ», — деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөттүн пикиринде, буга мурун «Дордойдон» буюм алып жүргөн коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын чөнтөгү жукарганы да себеп болууда.

«Берилген ыктыярдуу патенттердин азайышы жана "Дордой" базарында сооданын солгундашы базардагы өндүрүм барган коңшулаш мамлекеттердин жарандарынын чөнтөгү жукарганына байланыштуу», — деп билдирет өкмөт.

Өкмөт контейнерлердин жабылышынын башка да себептерин атап өттү: алардын арасында «Дордой» соода комплексине кирген «Алкан» базарында чатырдын кулашы; Бишкекте базарга атаандаш чыккан соода борборлорунун ачылышы; базардын чет өлкөлүк кызматчылары кытай календары боюнча Жаңы жылды майрамдаганы Кытайга кеткени бар.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев Kloop.kgге айткандай, ишкерлер «Дордойдон» Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунда Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) киргени үчүн кетип жатышат.

Эксперт муну биримдиктин талаптары менен байланыштырат, аларга ылайык Кыргызстан башка өлкөлөрдөн, биринчи иретте Кытайдан келип жаткан товарлар үчүн бажы тарифтерин көтөрүүгө тийиш.

«Негизинен “Дордой” кытай жана түрк товарлары менен иштейт, ошондуктан базарга товарлардын келиши азайды», — деди ал.

Кыргызстанга келип жаткан товар агымы кемий түшкөнүнө дагы бир себеп катары Сарыбаев казак-кытай чек арасында «Хоргос» эркин экономикалык аймагынын ачылышын белгиледи.

ЕАЭБге киргенге чейин «Дордойдогу» ишкерлер Кыргызстан аркылуу өткөн товарларды башка өлкөлөргө, анын ичинде Казакстан менен Орусияга андан ары экспорттоо менен алек болчу.

Сарыбаевдин айтымында, 2017-жылы «Дордойдогу» ишкерлердин азайышы уланат. Ал Кыргызстан реэкспорттоочу өлкөдөн өндүрүүчү өлкөгө айланышы керек деп эсептейт, бирок өлкөдөгү алтындан башка өндүрүмдүн баары атаандаштыкка жараксыз.

Сүрөт: Тамаш Пацай


ТЕМА БОЮНЧА:

«Дордой» базары: мүмкүнчүлүктөр менен өзгөрүүлөрдүн мезгили [+ сүрөт]