Бишкек: Мектеп окуучусу бешинчи кабаттан боюн таштап өз жанын кыйды

№ 12-мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу турак үйдүн бешинчи кабатынан боюн таштап жиберди. Окуянын себеби белгисиз, милиция анын «өз жанын кыюуга түрткөн оюндарга» тиешеси бар-жогун иликтеп жатат.

Бишкек ШИИБ мектеп окуучусу «Чыгыш-5» кичирайонундагы үйдүн бешинчи кабатынан боюн таштаганын кабарлады. Милиция бул окуянын коомдук түйүндөр аркылуу өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга түрткөн «өлүм топторуна» тиешеси бар-жогун иликтеп жатат.

Бишкек милициясы ата-энелерге кайрылып, аларды балдарынын коомдук түйүндөрдөгү жүрүш-турушуна көңүл бурууга — атап айтканда, ал «Тихий дом» («Тынч үй») оюнуна же жаяндарга (киттерге) байланышкан топторго мүчө болгон-болбогонун текшерүүгө үндөдү.

«Төмөнкү аталыштагы топторго кирген-кирбегенин текшергиле: "Жаяндар өйдө сүзүшөт" ("Киты плывут вверх"), "Мени 4.20да ойготуп кой" ("Разбуди меня в 4.20"), f57, f58, "Тынч үй" ("Тихий дом"), "Рина", "Ня пока", "Жаяндар деңизи" ("Море китов"), "Менин... чейин 50 күн" ("50 дней до моего…"). Же #домкитов, #млечныйпуть, #150звёзд, #ff33, #d28, #хочувигру деген хэштегдерди колдонот бекен, байкагыла», — деп жазат милиция.

Билим берүү министрлиги ата-энелерге чөнтөк телефондордо «ата-эненин көзөмөлү» иш милдетин тиркеп коюуну сунуш кылат — ал баланын кирген сайттары тууралуу маалымат алганга мүмкүнчүлүк берет.

Өспүрүмдөр арасында өз жанын кыюу темасы интернеттин кыргыз сегментинде «Спутник» басылмасындагы макаладан кийин башталган, анын авторлору өз жанын кыюуга түрткөн оюн «Кыргызстанга жетти» деп жазышкан.

Бирок милиция Кыргызстанда интернеттеги материалдан улам кимдир бирөө өз жанын кыйган бир да учур боло элек экенин билдирди.

Ошого карабастан, ИИМ Интернетте «өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга азгырган оюндардын жайылышына» көз салууга убада берди, бирок ал иш кандай жасалаары белгисиз.

«Ички иштер министрлиги балдар жана жаштар арасында өз жанын кыйган учурларды облустар, райондор (шаарлар) боюнча талдап, өз жанын кыюунун алдын алуу боюнча иш жүргүзүп жатат», — деп билдирди милиция.

Биринчи жолу «өлүм топторунун» темасы Орусиянын «Новая газета» басылмасындагы макалада сүрөттөлгөн.

Макалага ишенсек, бул «оюндун» маңызы боюнча мындай топтордун администраторлору мектеп окуучуларын оюнга чакырып, айрым бир хэштегдерди пайдалануу менен коомдук түйүндөрдө көк жаяндын сүрөтүн коюуну сунуш кылышат. Андан ары алар мектеп окуучуларын ар кандай тапшырмаларды аткарууга көндүрүшүп, алардын акыркысы өз жанын кыюу болуп чыгат.

«Новая газетанын» материалы журналисттик коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган. Кесиптештер макалада өз жанын кыюу менен «өлүм топторунун» ортосундагы себеп-натыйжа байланыштары далилденген жок деп эсептешкен.

Окуя болгон жердеги сүрөт, «АКИпресс»


ТЕМА БОЮНЧА: