«Өлүм топтору» тууралуу, же эмне үчүн балаңар менен дос болушуңар керек?

Галина Фильева — чоң кишилерге жана өспүрүмдөргө чыр-чатак, жаңжалдардын натыйжалары менен күрөшкөнгө жардам берген гештальт-терапевт. Анын пикиринде, өз жанын кыюулардын түпкү себеби — «өлүм топторунда» эмес, жоро-жолдоштору менен мамиледеги же үй-бүлөдөгү маселелерде. Текст анын айткандары боюнча жазылды.

Азыр көптөгөн ата-энелер коомдук тармактарда «өлүм топтору» тууралуу катуу айтып жазып жатышат, аларды түшүнсө болот, балдарын жоготуп алабызбы деп тынчсызданып жатышат. Бардык адамга жакынын жоготуп алуу коркунучу — эң талуу тема. Коркконунан, сезимдерге алдырып койгон ата-энелер, көп учурда жинденип, балдарын урганга чейин барышат, бардыгына тыюу сала башташат, кээде коркутканга чейин барышат.

Галина Фильева, гештальт-терапевт.

Ата-энелери түшүнүшү керек, бардык өспүрүмдөр кайсы бир убакта өлүм жөнүндө ойлоно башташат, бирок бул алардын жашагысы келбегендиги үчүн эмес. Бул алардын кыйынчылыктар менен күрөшүүдө мүмкүнчүлүктөрү түгөнгөнүн гана айгинелейт. Ушул учурда аларга жардам керек, моралдык эмес, насааттык эмес, достун жардамы.

Балдар өлүм жөнүндө ойлонсо эле, алар жанын кыюуга даяр экен деген тыянак чыгаруу туура эмес.

Ата-энелери сезимдерге алдырып, өзүлөрүн жоготпошу керек, токтоолук керек, анткени алар жинденип балдарына катуу сүйлөп алып, аларды кайрадан тескери өзүлөрүнөн алыстатып алышы толук ыктымал. Көп учурда ата-энеси кайсы бир себепке байланыштуу баласын уруша баштаса, бала түнт боло баштайт, өз маселелерин эч кимге айтпай, бөлүшкүсү келбей калат. Бири-бирин түшүнбөстүк башталат.

Өспүрүм куракта кайсы бир бирикмелерге, топторго же субкультурага кошулуу кадыресе көрүнүш. Эмо-маданияты чыкканда да ата-энелер катуу чоочулаган, анткени бул маданият өзүн өзү кыйноого багытталгандыктан, адамды жанын кыюуга да түртүшү мүмкүн эле. Бирок жашоо көрсөткөндөй, анын модасы өтүп кетти, ал эми балдар болсо чоңойуп, эс тартышты.

Өспүрүмдөрдөгү башкалардан бир нерсеси менен айырмаланып туруу, тобокелчиликке баруу каалоосу — кадыресе нерсе.

Ооба, тобокел тобуна кирген балдар да болот, бирок бул алардын өз жанын кыюууга баргысы келгендиктен эмес, терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон жаман топторго кошулгандыктан. Бирок алар, негизинен, жардам бере турган жакындары жок, ата-энелери менен мамилелери начар болгон балдар.

Мындай балдар бардыгы жеткиликтүү үй-бүлөлөрдөн да чыгат, бирок алар, тагырак айтканда, алардын адамдык кадыр-баркы басмырланышы мүмкүн. Алар өзүнө-өзү ишенбеген, керек болсо ата-энелери алардын пикирине кызыпаган өспүрүмдөр.

Балдарды тарбиялаганда башынан эле алар менен тең ата адамдык мамиледе болуу зарыл. Улууларды урматтоого үйрөтүп жатып, ага да урмат мамиле кылуу зарыл. Баланын айтканына кулак төшөп, сизди да укканга үйрөткөндү эсте кармагыла. 

Коомдук тармактардагы маалыматтар өспүрүмдөргө ар башкача таасир берет, бири жөн гана өзүнө көңүл бурдургусу келет да, көк жаяндары (кит) бар постторду жагат деп белгилеп, башкалар менен бөлүшө башташат.

Өз жанын кыюунун символунун бири катары көк жаян алынган. Сүрөт: Flickr, Amila Tennakoon.

Чоңдор аларга жакшы көңүл бурбагандыктан ушундай кадамдарга барышат. Ата-энелери алардан көнүмүш нерселерди күтөт: «Тартиптүү бол», «Сабак окуу», «Үйдү жыйна». Ошол эле кезде балдарга: «Эмне жөнүндө ойлоносуң?», «Эмне жөнүндө кыялданасың?», «Сага эмне кызыктуу?» деген суроолорду бергенди унутушат.

Ошондуктан балдар өзүлөрүнө көңүл бурдургусу келет, терс нерселер менен болсо да. Кийинчирээк мунун баары артта калат, кызыгы тарап, зериге башташат, ушуга окшош нерселерди жарыялаганды токтотушат.

Бир нече жыл мурун орусиялык ата-энелер да ушул маселелерге байланыштуу кызуу талкуу жүргүзүшкөн. Өз жанын кыюу тууралуу жаңылыктарды жарыялай беришип, бул теманы андан да катуу курчута беришкен.

Бирок, чынында эле кыйналып, азап чеккен өспүрүмдөр да бар. Башкалардын таасирине кирип, өзүн өзү көкүтүтүшү мүмкүн, бирок мындай учурда жарыяланган нерселер аларга эч кандай таасир бербейт.

Таянар тоосу жок, өзүн алсыз жана жалгыз сезген өспүрүмдөр башкалардын тассирине кириши ыктымал. Үйдө бардыгы жайында болбошу мүмкүн, же мектепте бирөө менен урушуп кеткен, өспүрүм бул маселелерден алаксыш үчүн кайсы бир жайды же теманы издей баштайт.

Өспүрүмдүн ишенимине жетиш үчүн анда коопсуздук жана туруктуулук сезимди жаратыш керек. Сөз менен эмес, иш менен аны колдой турганыңарды көрсөткүлө. Эмне гана болбосун ал тарапта болушуңар керек. Ал туура эмес болгондо да аны угуп, түшүнүүгө аракет кылгыла. Өспүрүм силер ал тарапта экенин сезиши керек.

Оюндун катышуучулар колдоруна көк жаяндын сүрөтүн тартышат, же аларга аткарууга берилген тапшырмаларды жазышат.

Жакында мындай бир окуяга күбө болдум. 13 жаштагы кыз мектепте бирөө менен чатакташып кетти. Апасы аны урушпады, күнөөлөбөдү, жардам бергенге аракет кылды, кызын маселеси менен жалгыз калтырбады. Ал кызы тарапта болуп, кызына ал жалгыз эмес экенин көрсөтө алды.

Ата-энелер ушул мисалдан туура кадамдарды жасоо боюнча сабак алалышат. Эми бул кыз апасына ишенет, эмкиде кайсы бир маселе жаралса, ал апасына келип аны менен бөлүшөт.

Тыянак бирөө гана — балдарыңар менен дос болгула. Ата-эне баласына көбүрөк көңүл бурушу керек, жүрүм-турумундагы буга окшош нерселерди өз убагында байкашы абзел: калп эле көңүлдүү көрүнгүсү келет, түнт тартып, эч нерсе айткысы келбейт, көңүлү суз.

Жаныңарда адамды көрүү аздык кылат, аны сезе билишиңер керек, кыйкымчыл болбогула, бардыгын айтып берүүсүн талап кылбагыла. Жөн гана жанында болгула, силерге ишене ала турганын, силер аны коргой ала турганыңарды көрсөткүлө. Балдар силер менен сүйлөшкөнгө, ой бөлүшкөнгө муктаж.

Иллюстративдик сүрөт.


ТЕМА БОЮНЧА: