Төмөндө прокурор Курманбек Токтакуновдун сүйлөгөн сөзү келтирилет. Бул сөз милиция кызматкерин өлтүрдү деп айыпталган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сотундагы анын сүйлөгөн сөзүнөн алынган. Сөз кыскартуу менен берилди. Материалга Курманбек Токтакуновдун толук сүйлөгөн сөзүнүн видеосу жана басма түрүндөгү кыскартылган версиясы кирди. Силер Аскаровдун коргоочуларынын позициясын да бул шилтемеден көрө аласыңар.

Курманбек Токтакуновдун сөзү толугу менен:

Урматтуу төрага, бул иш коомдук резонанс жаратып, коомдо ар кандай суроолорду жана талкууларды пайда кылды… Чындыгында бул иш кыргыздар менен өзбектердин ортосунда улут аралык кагылышка алып келди. Бул иш кыргыз элинин ар намысын козгоду. Ушунун баары жапырт баш-аламандык уюштурган Азимжан Аскаровго байланыштуу болду.

Ал аз келгенсип, бул иш үч сот инстанциясында каралган. Коргоочу Нурбек Токтакунов БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине бир нече арыз жазып жүрүп натыйжада ал чечим кабыл алган. Эми болсо коргоочу тарап чечим аткарылган жок деп жатат. Бирок чечим аткарылган, анткени ишти Жогорку сот караган.

Сот алардын арызын карап, БУУнун комитетинин чечими канааттандырган. Натыйжада иш апелляциялык иретте дыкат караш үчүн Чүй облустук сотуна өткөн. Туурабы? Апелляциялык инстанцияда иштин каралышы биринчи инстанциядагы соттогудай жүргөнүн белгилей кетүү зарыл.

Менимче сот коллегиясы айыптоочу жана коргоочу тараптар үчүн көп эле мүмкүнчүлүк берди. Көптөгөн өтүнүчтөр каралып чыгып, канааттандырылды. Мен иштин айыптоочу жана коргоочу тараптан каралышы жалпыга таандык принциптердин алкагында жүргүзүлгөнүн айткым келет. Ооба, пикир келишпестик болгон учурларды да моюнга алыш керек, бирок мыйзамды эч кандай одоно бузуу болгон жок.

Жарыш сөз учурунда прокурор Курманбек Токтакуновдун сүйлөгөн сөзү.

Ишке өтсөк, 2010-жылдын 12-июнунда саат 16:00дө Базар-Коргон районунун четинде чек арадан өтмөкчү болгон көп киши топтолгон.

Бийлик бул тууралуу маалымат алганда эл топтолгон жерге Базар-Коргон районунун акими Кубатбек Артыков имам экөө түшүндүрүү иштерин жүргүзүш үчүн барышкан. Бул жаңы ачылган жагдайлар боюнча ачылган иште белгиленген.

Алар ал жакка чогулган адамдарды тынчтандырып, абал курчуп кетпеши үчүн, эл өз үйлөрүнө кайтышы үчүн барышкан. Алар ал жакка барган соң Аскаров Артыков менен жолуккан. Аскаров бул тууралуу өз көрсөтмөлөрүндө өзү айтып берген.

Аскаровдун көрсөтмөлөрүнөн: «Азимжан аке, сизди жаштар угат, эл үйүнө кайтсын деп айтыңыз. Сиз аксакалсыз да, сизди угушат».

Ошондон кийин Аскаров акимден ага кепилдик берүүнү өтүнгөн. Аскаров өзү кепилдик тууралуу бул сөздөрүн ырастап жатат. Ал кайсы кепилдик жөнүндө сурап жатат?

Эми, урматтуу төрага, коргоочу тарап белгилегендей, эл чогулган жерде Аскаров Артыковду барымтага алууга буйрук бергенин чек арачылар көргөн жана ырастап беришет. Бул негизги далил, ал тууралуу Артыков өзү айтып жатат. Адвокат болсо муну далил эмес деп жатат. Бирок бул жалгыз далил эмес.

Бул көрсөтмөлөрдү Базар-Коргон районунун акиминин жеке күзөтүнүн кызматкери Калмамат Ташиев да ырастап жатат. Биз калыстык болсун деп Ташиевди да сот отурумуна чакырдык. Ташиев ошол жакта жан сакчы катары жүргөнүн ырастап, бизге көрсөтмө берди.

Абал курчуп баратканда ал губернатор келатканын айткан. Ошол учурда жолдо автоунаа кетип бараткан. Губернатор келатканын укканда эл тынчый түшкөн. Ошол учурда Ташиев айдоочу экөө Артыковду алып чыгышкан.

Эгерде ошондо аны алып чыгууга мүмкүн болбой калса Артыков чын эле барымтага алынмак. Мен Аскаровдун Базар-Коргон районунун акими Артыковду барымтага алууга үндөгөнү ишке ашкан эмес деп айткым келет.

Ошондуктан тергөө «барымтага алуу» беренеси боюнча айып койгон. Эгерде алар аны убагында алып чыгып кетишпесе, балким аким барымтада калмак. Ошондуктан тергөө негиздүү айып койгон деп эсептейм.

Урматтуу сот, Аsman.kg жөнүндө көп сөз болуп кетти. Менде да бул боюнча көп суроолор пайда болду. Күбө болгон аялдардын бири ушул гезитти Аскаровдун кеңсесинде көргөнүн айткан. Ал Аскаров ошону таратып жатканын көргөнүн да айткан. Ал гезитте улут аралык чатакты козгогон материлдар жарык көргөн. Мисалы: «Эмне үчүн өзбек эли бул жакта жашайт, эмне үчүн Өзбекстанга барып жашабайт?» Ал күбө аял азыр өз көрсөтмөсүнөн баш тартып жатат, бирок ага силер өзүңөр баа бересиңер.

Эми 2010-жылдын 13-июнунда эмне болгонуна токтоло кетейин. Болжол менен кечки саат тогузда Азимжан Аскаров өзүнүн кылмыштуу ишин уланткан. Ал эл сыйлаган адам, мен сүйлөшүп, суроо берип көрбөдүмбү, кадыр-баркы бар, болгондо да укук коргоочу, райондогу элдин баары аны тааныйт. Баарын тынчтандырып, тынчтыкка жана тартипке чакыруунун ордуна ал түн ичинде кайра Сайдуллаев көчөсүндө Минюра Мамадалиева, Маматкадыр Карабаев, Үмөт Акматовым менен бирге элди жыйынга чогултат.

Жогоркуда сүрөттөлгөн окуялар өткөн объектилер менен көчөлөрдүн схемасы. Схеманы укук коргоочу Аскаров тарткан.

Мен ага суроо бердим: «Урматтуу Азимжан Аскарович, сиз мечитке барасыз да, ошол тегеректе сыйлуу адамсыз. Көп райондордо сиздей эле аксакалдар кагылышты токтотуп калышыптыр. Сиз болсо тескерисинче кечки саат тогузда чогулуш өткөрүп атасыз. Ал жакта кыргыздар тууралуу акылга сыйбаган "куралдангыла", "Бишкектен келатышыптыр", "жолдорду жапкыла" деген сөздөр айтылган экен».

Мен эмоцияга берилбей эле уланта берейин.

13-июнда болжол менен кечки саат сегизде, Аскаровдун жана башка жетекчилердин көрсөтмөсү боюнча, алар кечки саат тогузда жолукканда, көптөгөн көчөлөр жабылган.

Сайдуллаев — бул стратегиялык маанидеги көчө, ал жөн эле кичинекей көчө эмес, ал Ош менен Бишкекти байланыштырган көчө. Алар мына ошол көчөнү жабышкан. Алар көчөнү жабышкандан кийин ал жакта өзбек улутундагы 500-600 киши чогулган. Алардын колунда ар кандай курал болгон.

Мен ал тургай ошол куралды кызыгып карап да көрдүм. Мен алар үйдөн эле тиричилик буюмдарын алып чыгып курал катары колдонуштубу деп ойлодум эле. Бирок ал атайын даярдалган курал экен да. Мык кагылган союлдар бар экен, кылычка окшогон нерселери бар экен, Молотов коктейлдери бар экен. Чогулган кишилер мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, куралдуу каршылык көрсөтүп, кыргыз улутундагы адамдарга карата баш-аламандыкка үндөп киришкен.

Ошол аракеттерден кийин УКМКнын бөлүмүнүн башчысы Садыбакас Жолдошевге Сайдуллаев көчөсү жабылганы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Ал милициянын башчысына чалып, Сайдуллаев көчөсү жабылганын айткан.

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мамыржан Мергентаев балдарды тизип, абалды түшүндүргөн. Ал кырдаалды курчутпаш үчүн окуя болгон жерге куралсыз топ менен барууну чечкен.

Мен болгонун болгондой айтайын, силер да Мергентаевдин көрсөтмөлөрүнө баа бергиле. Мергентаев адегенде ошол жактан Аскаровду көргөнү тууралуу көрсөтмө берген. Соттук иликтөөдөн кийин Мергентаев башка көрсөтмө берди — ал Аскаровду көргөн эмесмин деди.

Көрсө Мергентаевдин туугандары Базар-Коргондо жашайт экен, балким ал коркконунан улам башка көрсөтмө берип жатса керек. Мен эмне үчүн айтып жатам, мен азыр бардык милиция кызматкерлери сүйлөшүп алып ушундай көрсөтмө берип жатышканын аныктап жатам.

Эгерде мен ошондо Мергентаевди чакырып алып ал башында ошондой көрсөтмө бергенин, көрсөтмөлөр бирдей болушу керек экенин айтсам ал мага керектүү көрсөтмөнү бермек. Биз калыстык үчүн тергөөгө кийлигишкен жокпуз.

Урматтуу сот, Мен Аскаровго коюлган айыптар туура болгон деп эсептейм. Сотто ал айыптар толугу менен далилденди. Аскаров укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүүгө үндөгөндөн кийин милиция кыызматкери Мыктыбек Сулайманов өлдү, милиция кызматкерлери сабалды. Эгерде Аскаров менен Карабаев баш-аламандыкка чакырбаса, балким чогулган эл тарап кетмек. Дал ушу Аскаровдун сөздөрүнөн кийин баш-аламандык болгон. Ошондуктан «Киши өлтүрүүгө катышуу» деген берене боюнча иш козголгон.

Аскаров соттук териштирүү учурунда өзүнө коюлган айыптарды моюнга алган жок. Бирок Аскаровдун күнөөсү процессте чогулган соттун жана укук коргоо органдарынын материалдары боюнча далилденген. Ошентсе деле ал күнөөсүн эч кандай далилденген жок деп атат.

Болгон далилдерди санап берейин. Азыр далил жок, аны акташ керек деп жатышпайбы. Мен таң калам. Далилдер бар, урматтуу сот. Аны коргоочу тарап да билет.

Ушул иштен алынган фактылардын баары — күбөлөр, алардын көрсөтмөлөрү, эксперттердин тыянактары — далил болуп эсептелет. Ушунун баары далил, анан далил жок деп айтып эмне кереги бар?

Киши колдуу болгон милиция кызматкеринин аялы Чынара Бечелованын көрсөтмөсүнө токтоло кетейин. Ал төрт баланы тарбиялап жатат. Анын айтымында, күйөөсү кызматка кетип жатып баары жакшы болоорун, ал тынчсызданбай эле коюшу керек экенин айтып кеткен. Ошондон кийин ал аны көргөн эмес.

Чынара Бечелова, курман болгон милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жесири. Сүрөт: Эрнист Нурматов.

Бечелова ага кийинки күнү чалган, бирок ал телефонун алган эмес. Ошондон кийин ал аны издеген, бирок РИИБнин алдындагы тез жардам автоунаасынын ичиндеги замбилде жаткан өлүгүн гана көргөн. Ал күйөөсү таанылгыс болуп калганын, этинин баары көгала болгонун айтты. Кийими суу, көп жерине бычак сайылган, эти күйгөн экен. Анын айтымында, ал аны окко учкан деп ойлогон.

«Мен ок атылганын уктум», — дегени бар. Айтканы деле туура, чын эле 12 жана 13-июнда ок атылган да. А ошол Бечелованын көрсөтмөсүн коргоочу тарап жалаң ок атуу тууралуу божомолго гана алып барып такап жатат. Алар Мыктыбек Сулайманов окко учканы тууралуу бир да фактыны келтиришкен жок.

Сулаймановдун сөөгү экспертизада болгон, корутунду бар. Ал жерде өмүргө маанилүү органдар катуу зыян тартканы, Сулайманов көп жеринен кансырап өлгөнү белгиленет. Ал жерде анын окко учканы көрсөтүлгөн эмес. Соттук экспертизаны 20 жылдык стажы бар сот медицина эксперти Маматов жүргүзгөн. Экспертизага комиссия менен кошо күбөлөр катышкан.

Биз ошол кезде Базар-Коргон районунун прокурорунун орун басары болуп турган, өзбек маалесинде эки баласы жана туугандары бар Жамиля Туражанованы да сурадык. Ошол күнү, 13-июнда кырдаал абдан курч болгон экен. Өлүктү караганга убакыт болбогонун күбөлөр айтышты. Тергөөчүлөр сөөктү караганы барып, экспертизага катышкан. Коргоочу тарап кароодо эрежелер бузулганыны айтып жатат, бирок процессуалдык мыйзам бузуу болгон эмес да.

Эми Кубанычбек Умурахуновдун көрсөтмөсү тууралуу айтып берейин. Ал ошол кезде убактылуу кармоо изоляторунда күзөтчүнүн жардамчысы болуп иштеген. Анын айтымында, 13-июнда 7:30да алар куралы жок 15 милиция кызматкери болуп көпүрөгө барышкан. Ал жерден ал топтолгондор кимдир бирөөнү таш менен уруп атышканын көргөн. Ошондон кийин кырдаал курчуп кетип, Сулаймановду сүрө башташкан. Сулайманов олбурлуу, күчтүү киши болчу.

Коргоочу тарап күбөлөр бир өңчөй көрсөтмө берип жатышат деп жатат. Жок, көрсөтмөлөр өтө ар башка. Умурахунов аларды өлтүрмөк болушканы жөнүндө кеп болгонун айтып атат. Ал сөздөр Карабаевдин оозунан чыккан. Умурахунов ошондон кийин Аскаровду көрүп, тааныганын айтып атат. Ошол эле жерде Аскаров милиция башчысын өлтүрүп, калган милиция кызматкерлерин барымтага алыш керек экенин айткан.

Көрсөтмөлөргө ылайык Мергентаев жыгылып түшүп, айдоочу аны денеси менен калкалап калган. Айдоочусу болбосо Мергентаевди сабап өлтүрүп эле салышмак. Бул эмне, далил эмеспи? Албетте, далил.

Качып чыккан Умурахунов автоунаага отурганга жетишип аман калган. Көрсөтмө берген бардык күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү айырмалуу эмес, бирдей.

Андан тышкары Эмилбек Мантыбаев көрсөтмө берген. Ал да Аскаровду абдан жакшы билээрин, анткени бир айылда чоңоюшканын айтты. «Бизди эч нерсе байланыштырбайт. Тополоң башталганда Аскаров милиция башчысын өлтүрүп, калгандарын барымтага алгыла дегенин угуп калдым», — деди.

Бул да анын берген анык көрсөтмөсү.

Базар-Коргон РИИБнин участкалык инспектору Эмилбек Салымбаев да буга чейинки айтылган сөздөрдү ырастаган көрсөтмө берди. Бирок алардын көрсөтмөсү таптакыр бирдей эмес. Болгону баары тең Аскаровдун оозунан «өлтүргүлө» жана «барымтага алгыла» деген сөздөрдү угушканын айтып жатышат.

Коргоочу тарап Аскаров кандай кийингенин сураган. Өзүңөр ойлоп көргүлөчү, ал жакта 500-600 киши болсо, анын кандай кийингенин алар кантип байкамак эле? Алар анын бетин гана байкашкан.

Урматтуу сот, көптөгөң күбөлөр жана жабыркагандар азыр да Орусияда иштеп жүрүшөт. Алардын бири, ошол кезде участкалык инспектор болуп иштеген Магиевдин көрсөтмөлөрүнө токтоло кетким келет. Ал эртең мененки саат сегизде келгенин айтты. Анын сөзүнө караганда, ал жакта чогулгандар урушаарга жоо таппай турган экен. Айрымдарында тапанча, кээ бирөөндө ал тургай автоматтар да болгон. Ал да «укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн барымтага алгыла» деген сөздү уккан.

Анын айтымында, башчысы баштан ары токмок жеген, аны сүрмө топтон алып чыгып, качып чыгышкан. Ал булар чуркап баратканда маркум Сулайманов да кошо чуркап баратканын айтты. Анын башына таш биринчи тийген.

«Ага биринчи жолу таш тийгенде ал жыгылып кетип тура калды. Экинчи [таш] тийгенде тура алган жок. Биз “Хендай Портерге” отуруп кеткенге аракет кылдык. Сулаймановду болсо аарынын уюгундай болгон топтошкон эл кууп жетип курчап алды», — деди ал.

Башка көрсөтмөлөр да ушуну ырастайт. Адвокат Токтакунов милиция кызматкерлери куралы жок болгонун айтты. Райондук МАИнин кызматкери Советбек Досовдун тапанчасы болгон экен. Ал тергөө убагында да ырасталды. Ал күзөттө болсо керек эле. Анын үстүнө ал кайгуул кызматынын өкүлү. Анын тапанчасын тартып алышкан.

Кийинчерээк Досов окуя болгон жерге келип, тапанчасын кайсы жерде кантип жоготконун, кайсы жерде турганын, эмне деп кыйкырганын көрсөтүп берген. Ал Аскаровдун «Башчысын барымтага алгыла, калгандарын өлтүргүлө» деп кыйкырганын айткан айдоочунун көрсөтмөсүн ырастады.

РИИБ башчысынын айдоочусу Эрмеков Базар-Коргон милициясынын кызматкерлери менен тааныш болгон эмес жана алар менен кошо «сүйлөшүп алышы» мүмкүн эмес болчу. Ал Аскаровду билбей тургандыгын жана ошол окуяга чейин көрбөгөнүн айтты. Айрым милиция кызматкерлери аны көрүшкөнүн айтышты, башкалары көрбөгөнүн айтышты. Алар деле көрдүк десе болмок да, бирок көрдүк дешкен жок. Аскаров ошол жакта болгонун угушканын, бирок өз көзү менен көрүшпөгөнүн айтып жатышат.

Мен мунун баарын эмне үчүн айтып жатам? Анткени силер жанагы фактылар жөнүндө, укук коргоочу катары Азимжан Аскаров жазган зордуктоо, киши өлтүрүү болгонун, милиция кызматкерлери болсо андан ошол үчүн өч алгысы келгенин айтып жатасыңар.

Адвокаттар алардын баары бирдей көрсөтмө берген дейт. Ал киши өлтүрүү, зордуктоо жөнүндө баяндамалар жана ашкерелөөчү макалалар 2010-жылга чейин чыккан, айдоочу болсо 2010-жылы эле келген. Ага эмне? Ал эмне көргөнүн жана эмне укканын гана айтып берди.

Азимжан Аскаровдун коргоочулары.

УКМКнын Базар-Коргон райондук башкармалыгынын мурдагы башчысы Садыбакас Жолдошев Азимжан Аскаров менен 2008-жылдан бери тааныш, алардын мамилеси жакшы болчу. Алардын ортосунда эч кандай чыр болгон эмес. Аскаровду суракка алышканда анын УКМК менен мамилеси кандай экенин кыйыр сурашкан, ал бул орган менен мурда эч качан эч кандай карама-каршылык болбогонун айткан.

Жолдошев кол алдындагы үч киши менен ал көпүрөө таңкы үчтө эле барган, ал эми ыкчам топ сегизде барган. Ал ошондо эле ал жакта 200-300дөй киши топтолуп калганын айтты. Анын сөзүнө караганда телефондук байланыш иштеген эмес, ал жетекчилигине эч кандай маалымат жеткире албай койгон. Андан кийин көптөн бери тааныган Карабаевди көргөн.

Эң маанилүү күбөлөрдүн бири Аскаров менен кошо отурган Мавлянбек Махмутжанов болуп эсептелет. Эгерде байкасаңар, адегенде ал бир нерседен коркуп жаткандай көрсөтмө берген, анан [прокурорлор] тактоочу суроолорду бере баштаганда ал Аскаров менен кошо өзбекче сөгүнө баштаган. Көзүндө жаш турган.

«12-июнда саат төрттө мен Сайдуллаев көчөсүндө турган үйүмө кеттим. Көчөдөн чогулган 200дөй кишини көрдүм. Алардын арасында Аскаровду, Карабаевди, Мамадалиеваны көрдүм», — деди Махмутжанов.

Анын эки үйү бар. Бирөө эски, экинчи курулуп жаткан үйү болсо ошол көпүрөнүн жанында жайгашкан. Ал анын чиркемесин да эмнегедир көпүрөнүн жанына коюп коюшканын айтты. Ал териштиргени барып, Мамадалиева менен уруша кетип, чиркемесин кайра кайтарып алмак болгон экен. Артынан Миша деген неме келип чиркемесин калтырбаса абалы кыйын болуп калаарын айта баштаганда Махмутжанов болбой эле чиркемесин алып кеткен.

Түн ичинде Махмутжанов өзүнүн эски үйүнө кеткен, кайра келсе анын чиркемеси көчөнүн өтө турган жерин жаап туурасынан турганын көргөн. Үйүндө эл чогулган жерлерди жакшы көргөн иниси болгон. Махмутжанов барып анын үйдө экенин текшергиси келген. Тополоң башталганда ал бир бийигирээк жерге чыгып күтүп калган. Анан Карабаевди, Мирзалимовду жана Аскаровду көргөн. Алар МАИден бирөө таяк жегени, бир милиция кызматкери өлтүрүлгөнү тууралуу сүйлөшүп жатышканын ал уккан. Адвокаттар төрт күн ичинде Махмутжановго эмне айтышты үйрөтүп коюшкан деп жатышат. Андан кандай пайда?

Базар-Коргондук аксакал Гафуржон Юлдашев, Бишкектин тургуну. Ал ошондо кызы Базар-Коргондо турмушка чыгып жатканын, ошого келгенин айтып берди. Кызын ал 12-июнда турмушка узаткан. 13үндө базарга барса ал жакта Аскаров: «Бул жерде эмне турасыңар? Трассага чыккыла!» деп кыйкырып жатканын көргөн. Юлдашевдин айтымында, ал жини келип, тамак-аш алып, үйүнө жеткирген. Бир топ убакыттан кийин Аскаров тепкичте туруп алып жанына элди топтоп алганын көргөн. Юлдашев андан эмне кылып жатканын сурап, анын укук коргоочу, юрист экенин айтып, элди тынчтыкка чакырышы керек экенин эскерткен. Андан кийин Аскаров Юлдашевди өз кеңсесине алып барып, кайсы бир дисктерди көрсөткөн. Ал жерден алар тартыша кетишкен.

Аскаровдун пайдасына айтылган көрсөтмөлөрдүн баары коргоо көрсөтмөлөрү болуп эсептелет. Алардын баары анын милициянын айрым аракеттери тууралуу арыздарды жазып жүргөнүн, көп кишилердин укугун коргогонун, милиция өч алгысы келгенин айтабыз деп сүйлөшүп алышкан.

Соттук коллегияны ушуга ишендире алгандай эч кандай материалдар жок. Булар калпты ышкырткан, жалганчылар.

Жаңы гана белгилүү болгон жагдайларга байланыштуу иш ачылганда, Аскаровдо айыптоочу тараптын күбөлөрү болуп эсептелген укук коргоо органдарынын кызматкерлерин күнөөлөгөн бир да беренеси жок болчу. Дагы бир нерсеге көңүлүңөрдү бурабыз, Аскаров менен күбөнү бетме-бет кездештиргенибизде Аскаров алардын экөөнүн ортосунда эч кандай мамиле жок экенин айткан.

Дагы көңүл бура турган нерсе, 16-июндагы Аскаров тууралуу соттук-психиатрикалык экспертизада анын ден соолугу чың, акыл-эси ордунда деген корутундудан сырткары, ал калп айтышы мүмкүн деп жазылган. Өзү да айтып жатат, калп айтып аламбы деп чоочулап жатканын.

Тинтүү тууралуу. Силер айтып жатасыңар, күбө калыстар болгон эмес деп. 17-июнда тинтүү болуп, анда он чакты ок-дары табылган. Күбө калыс катары Бердибаев жана Базаркулов болгон. Базаркуловдун: «Мен өтүп бара жатсам милиция кызматкерлери токтотуп, тинтүү кезинде күбө калыс болуп беришимди өтүнүштү. Жаныбызда прокуратурада иштеген бир айым [сөз Туражанова жөнүндө болуп жатат] жана дагы бир күбө калыс турган. Тинтүү болду. Бизге бардыгын көрсөтүштү» деген көрсөтмөсү бар.

Бул күбө калыс табылган дисктер жана ок-дарылар тууралуу айтып жатат. Ал эмне дисктер деген суроо берилгенде, алардын арасында порнографиясы да бар дисктер болгон деди. Бул эмне, ойдон алынган көрсөтмөлөрбү? Ал өз көзү менен көргөндөрү тууралуу гана айтып жатат. Башка күбө калыс, тилекке каршы, 11-августа бул дүйнө менен кош айтышып кеткен.

Адвокаттар тинтүү протоколго ылайык жүргүзүлбөгөнүн жана мыйзам бузулганын айтып жатышат. Акча, тамак-аш, үй тиричилик техникасы, сыналгы, чаң соргуч, керек болсо варенье жана бир мүшөк күрүч алынды дешет. Бул тууралуу укук коргоочунун жубайы Хадича Аскарова тергөөчүлөргө кайрылган. Бул маселе боюнча тергөө жүргүзүлүп, күбөлөр суралган, бирок бул маалымат далилденген эмес. Жубайы тинтүүдөн бир жылдан кийин кайрылып жатат. Элестетип көрсөңөр, ушундай окуялар болуп жатса ким вареньени алып кетүүнү ойлойт?

Токтокунов бул иш жасалмаланган дейт. Минтип айтууга сенде негиз болуш керек. Болбосо, анда ал жөн эле курулай сөз.

Хадича Аскаровада, ал күйөөсүн батыраак чыгарып алсам деп жатат, ал эми укук коргоочунун бир тууганы Хакимжан Аскаровдун көрсөтмө берүүгө укугу жок, анткени алар Аскаровдун жакын туугандары болуп эсептелишет. Калган күбөлөр Азимжан Аскаровдун жакын кошуналары болушкан. Көп жыл Аскаровдун үй-бүлөсү менен чогуу жашашып, достук мамилелери болгондуктан кошуналары сөзсүз Аскаровду коргоп сүйлөшөт.

Эгер мен тууралуу кошуналарыман сурасаңар, алар мени мактаары шексиз. Күбөлөр алты жыл өткөндөн кийин гана көрсөтмө берип жатышат. Буга чейин алар кайда жүрүштү? Соттун биринчи, экинчи инстанцияларында алар болгон эмес. Жогорку сотко келип көрсөтмө беришсе болмок.

Аскаровду алардын бири көргөн деп божомолдойлу. Бул окуя таңкы саат сегизде болгон, калгандары аны ондон кийин же күндүзү башка убакытта гана көрө алышкан. Биз аларга суроо узаттык: «Силер 2010-жылы чек аранын жанындагы көпүрөдө болдуңар беле?». Алар аякка барбаганын жана Азимжановду аякта көрбөгөнүн айтышты. Эгер алар өзүлөрү ал жакка барышпаса, анан алар кантип айта алышат, Аскаров ал жерде болгонун, же болбогонун?

Күбөлөрдүн бири касапчы Баратали Максутовдун айткандарына көңүл бурсаңар. Анын айтканын сөзмө-сөз келтирейин: «Ноябрь-декабрларда мага Хадича Аскарова келип, Аскаров көпүрөдө болбогонун, ал бул жерде болгонун айтып көрсөтмө беришимди өтүндү. Мен Аскаровду ал күнү такыр көрбөгөндүктөн эч кандай көрсөтмө бере албай турганымды айттым. Хадича мага таарынып кетип калды».

Бул майып адам коркконунан 10-июнда үй-бүлөсүн чогултуп, Сайдокул айылындагы досуна кеткен болчу.

Коргоочу тараптын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрүнө калыс баа беришибиз керек.

Коргоочу тарап Аскаров 15-июндан 16-июнга караганда мыйзамсыз кармалган деп билдирет. Мен дагы документтерден ал 15инен 16сына чейин эмне кылганын издей баштадым. Ал кармалгандан кийин тергөө иштери башталган, ошондо тергөөчү Аскаров 15-июнда түндө кармалганын көрсөткөндү унутуп коюптур. Бул үчүн ал өз жазасын алган.

Дагы айтып жатышат, Аскаров кармалгандан кийин ага адвокат берилген эмес деп. Аскаров мыйзамды жакшы билет, ал өзү укук коргоочу, мыйзамсыз кармоо фактыларына байланышуу көптөгөн адамдардын укугун коргоп келген, ал адвокатка: «Мени кечээ эле кармашкан. Мен бир суткадан ашык ушул жердемин. Бул мыйзамсыз кармоо» деп айтса болмок.

Кийин, ал тергөөнүн жыйынтыктары менен таанышканда, балким анын жүрөгү түшкөндүр, бирок аны менен Токтакунов да болгон, ал болсо «тергөөнүн жыйынтыктары менен таанышып чыктым, ишти сотко өткөрөбүз» деп жазып жатат.

Аскаров жазып жатат: «Иш сотко берилиши тууралуу адвокатым менен макулмун». Эмне, алардын тилин бууп коюшту беле? Эмне үчүн алар ошондо эле 15-июндан 16-июнга чейин аны камерада мыйзамсыз кармашканын айтышкан жок? Эмне үчүн алар ошол жерге муну жазышкан жок?

Коргоочу тарап мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовду, Убактылуу өкмөттүн коргоо министринин милдетин аткарган Исмаил Исаковду суракка алууну өтүнгөн. Алардын бул ишке эч кандай тиешеси жок. Алар Аскаровду 12, 13-июнда көргөн эмес. Иш менен таанышып жатып, Исаков сурак бергенин билдим. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова Исаков менен кезиккенин айткан. Ал дагы муну тастыктаган. Бул май айында Жалал-Абадда болгон, Исаков анда комендант болчу, бирок үч жыл өткөнүнө байланыштуу ал кайсы маселе боюнча Абдрасулова ага кайрылганы эсте жок экенин айткан.

Мен ойлогом, сот учурунда Аскаров Кудайдан коркуп жок дегенде бир нерсени моюнуна алат го деп. Жок, ал бардыгын танып жатат, Куран менен карганууда. Мен соттук коллегиядан мурдагы соттук чечимди эч өзгөртүүсүз күчүндө калтырууну суранам.

Авторлошу: Алмир Алмамбетов
Видео: Александра Ли