Салянова Елисеевге лицензиянын берилиши боюнча суракка барууга убада берүүдө

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын адвокаты анын кардары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка бараарын билдирди. Ал Максим Бакиевдин адвокатына лицензияны «мыйзамсыз» берген деп айыпталууда.

Салянованын адвокаты Улан Жумаков бүгүн, 1-февралда парламенттеги жыйын бүткөндөн кийин депутат суракка бараарын билдирди.

Кечээ ал УКМКга келбей калып, аны парламент комитетинин жыйынына катышканы менен түшүндүргөн — саат 16:00дө өтө турган сурактын маалы Салянованын парламенттеги мыйзам долбоорунун каралышы менен дал келип калган.

Кечээ ал суракка барбаганына карабай 20дай киши УКМКнын имаратына келип ага колдоо көрсөтүп кеткен.

Салянова 2010-жылы юстиция министри болуп турган кезде адвокат Алексей Елисеевдин лицензиясын «мыйзамсыз» узартып берген деп айыпталууда. Кыргызстанда бул юрист бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин кызыкчылыгын коргоп келгени менен белгилүү.

Мурдагы юстиция министри жана башкы прокурор Аида Салянова президент Алмазбек Атамбаевди 2015-жылдын башынан тартып ачык сындай баштаган.

Ошол кезде, башкы прокурордун кызматынан кетип жатып ал Бишкек жылуулук борборуна мыйзамсыз көмүр жеткирүү боюнча күйөөсүнө каршы кылмыш иши козголгон соң бийликти кысым көрсөткөнү үчүн айыптаган.

2016-жылы, оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын депутаты болуп шайланган соң Салянова Атамбаевдин конституциялык реформасына каршы чыгып, өлкөдөгү белдүү оппозициячыл саясатчылардын бирине айланды.

Ошол эле жылы анын күйөөсү шарттуу түрдө жети жылга кесилип, ал эми Башкы прокуратура Салянованын өзүнө каршы Елисеевдин лицензиясы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратура Салянова башкарган Юстиция министрлиги Елисеевдин соттолгону тууралуу маалымдаманы суратпай туруп анын лицензиясын узартып берген деп жатат.

Елисеев өзү ал учурда мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим менен байланышкан кылмыш иштеринин фигуранты болгон. Башкы прокуратура Юстиция министрлиги анын лицензиясын узартууда адвокаттын өздүк ишинин материалдарын жок кылган деп шектенүүдө.

Кийин Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен Елисеевди сегиз жылга эркинен ажыратууга сырттан өкүм чыккан.

Салянова өзү болсо «Азаттык» үналгысы менен болгон маекте өзүнө каршы козголгон кылмыш ишинде кылмыш курамы жок экенин билдирген.

Сүрөт: «Азаттык»


ТЕМА БОЮНЧА: