Аида Салянова адвокаттык лицензияны «мыйзамсыз берүү» боюнча УКМКда сурак берди

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова Улуттук коопсуздук комитетинде төрт саат сурак берди. Ага Максим Бакиевдин адвокатына лицензияны «мыйзамсыз берүү» боюнча күнөө коюлууда.

Салянованын сурагы төрт саатка созулуп, кечки 10дордо аяктады. Салянова сурак берип жаткан кезде УКМКнынын имаратынын жанында аны колдоо боюнча митинг жүрүп жатты.

Салянова сурактан чыккандан кийин ЖМК өкүлдөрү менен баарлашкан жок, бирок колдоо көрсөтүп митингге чыккандарга ыраазычылыгын билдирди.

«Силердин үнүңөрдү угуп, дагы эле ушул жерде турганыңар үчүн тынчсызданып жаттым. Мени чыгарарын силерге айтпагандары үчүн жаным ачышты. Мага колдоо көрсөткөнүңөр үчүн чоң рахмат», — деди ал митингге чыккандарга.

Салянованы колдоо митингине анын партиялаштары «Ата Мекендин» жетекчиси Өмүрбек Текебаев жана депутат Наталья Никитенко да келди, бирок аларды УКМКнын имаратына киргизбей коюшту.

«Өлкөдө мыйзамсыздык болуп жатат, мына төрт сааттан бери парламенттин депутатын, аялды, энени, УКМКнын имаратында сурак алып кармап жатышат», — деп нааразычылыгын билдирди митингдеги сөзүндө Никитенко.

Саляновага Максим Бакиевдин адвокаты Алексей Елисеевге лицензияны «мыйзамсыз берген» деген күнөө коюп, УКМКга суракка чакырышкан.

Аны суракка алгач 31-январда чакырышкан болчу, бирок парламентте анын демилгеси менен даярдалган мыйзам долбоору каралып жаткандыктан, суракка баралган эмес.

Саляновага 2010-жылы ал Адилет министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын «мыйзамсыз» узарткан деген күнөө коюлууда. Кыргызстанда бул юрист куулган президент Куманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын адамы болгону менен белгилүү.

Башкы прокуратуранын билдирүүсү боюнча, Салянованын жетекчилигиндеги министрлик Елисеевдин соттолбогондугу тууралуу маалымат катты сурабай туруп, анын лицензиясын узартып койгон.

Елисеев ал кезде мурдагы президент Курманбек Баиевге жана анын уулу Максимге байланыштуу көптөгөн кылмыш иштерине тиешеси бар адам катары каралып жаткан. Башкы прокуратуранын божомолунда, Елисеевдин лицензиясын узартып жатып, адилет министрлиги адвокаттын жеке ишине тийиштүү материалдарды жок кылып койгон.

Бакиев куулгандан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен Елисеев сыртынан сегиз жылга кесилген.

Салянова өзү болсо декабрдын аягында «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда ага каршы козголгон иште кылмыш курамы жок экенин айткан.

Видео: Нуржамал Жаныбекова жана Анна Капушенко


ТЕМА БОЮНЧА: