Бишкек: Боёп салынган жаяндардын ордуна жаңы граффити тартылат

Боёп салынган жаяндар тартылган имаратка ээлик кылган турфирманын директору жазында кайрадан жаңы граффити пайда болоорун билдирди. Символу көк жаян болуп эсептелген өспүрүмөрдү «өз жанын кыюуга түртмөлөгөн оюндар» тууралуу коомдо кызуу талкуу жүрүп жатканда эки белуха тартылган сүрөттү боёп салышкан болчу.

C.A.T туристтик фирмасынын директору Данияр Казаков Kloop.kgге берген интервьюсунда билдиргеней, компания жаңы сүрөттү мурдагы граффитинин автору Сергей Келлерге тарттырат.

«Күн жылыганда биз аякка башка сүрөттү тарттырабыз. Кооз бир нерсени. Балким, башка жаныбарларды», — деди ал.

Казаковдун сөзү боюнча, өспүрүмдөрдү жанын кыюуга үндөгөн оюндарга «кичине да болсо көмөк көрсөтпөө үчүн» компания граффитини боёп салуу чечимин чыгарган.

«Бул биздин чечим болгон. Милиция кызматкерлери келип сурап жатышты: “Ким тарткан?”, “Эмне үчүн бул сүрөттү?” деп». Мен, чын айтайын, бул оюн тууралуу эч нерсе билбейт экенмин. Ал тууралуу уккандан кийин, болгон кырсыкты көрүп, [боёп салуу тууралуу] чечим чыгардым», — деди Казаков.

Боёлгон граффитиде көк жаяндар эмес, ак белухалар тартылганын ал дагы бир жолу эскертип кетти. Аларды тартуу идеясы, Ванкувердеги акванариумга баргандан кийин пайда болгонун айтты.

«Анда (акванариумда) белухалар балдар менен ойношот, анын капталдары толугу менен айнектен, балдар ылдый түшүп, алардын сүзүп жүргөндөрүн көрө алышат», — деп түшүндүрдү турфирманын директору.

Кечээ, 1-февралда Бишкек ШИИБи Чүй-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта жаяндар тартылган граффитинин пайда болушун изилдеп көрүүнү чечкен. Мындай кадамга алар өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга түрткөн оюндар тууралуу катуу талкуу башталганда барышкан.

«Өлүм топтору»

Өспүрүмдөр арасында өз жанын кыюу темасы интернеттин кыргыз сегментинде «Спутник» басылмасындагы макаладан кийин башталган, анын авторлору өз жанын кыюуга түрткөн оюн «Кыргызстанга жетти» деп жазышкан.

Жакында борбордогу мектептердин биринде окуган окуучу терезеден өз денесин таштаган. «Өз жанын кыюуга жеткирүү» фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

ИИМ Интернетте «өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга азгырган оюндардын жайылышына» көз салууга убада берди, бирок ал иш кандай жасалаары белгисиз.

Биринчи жолу «өлүм топторунун» темасы Орусиянын «Новая газета» басылмасындагы макалада сүрөттөлгөн.

Макалага ишенсек, бул «оюндун» маңызы боюнча мындай топтордун администраторлору мектеп окуучуларын оюнга чакырып, айрым бир хэштегдерди пайдалануу менен коомдук түйүндөрдө көк жаяндын сүрөтүн коюуну сунуш кылышат. Андан ары алар мектеп окуучуларын ар кандай тапшырмаларды аткарууга көндүрүшүп, алардын акыркысы өз жанын кыюу болуп чыгат.

«Новая газетанын» материалы журналисттик коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган. Кесиптештер макалада өз жанын кыюу менен «өлүм топторунун» ортосундагы себеп-натыйжа байланыштары далилденген жок деп эсептешкен.

Сүрөт: Сергей Белошапкин


ТЕМА БОЮНЧА: