Видео: «Өлүм топторун» талкуулоого байланыштуу Бишкектеги жаян граффитисин боёп салышты

Бишкектин борборунда эки жаян тартылган граффитини ак түс менен боёп салышты. Болгону бир нече саат мурун Бишкек ШИИБи бул граффитини «өлүм топторуна» байланыштуу текшерип жатканын билдирген.

1-февралда кечинде белгисиз адамдар DOXA сүрөтчүлөр тобунун арт-долбоорун — Чүй жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын дубалында жаяндар тартылган 100 чарчы метрлик граффитини ак боёк менен боёп салышты.

Бул окуя «өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга үндөп» жатат деп күнөөлөнгөн «өлүм топтору» тууралуу талкуулар күч алганда болду. Бул топтун катышуучулары «оюндарынын символу» катары жаяндын сүрөттөрүн колдонушат.

ШИИБдин басма сөз катчысы Олжобай Казыбаев Kloop.kgге милиция кызматкерлери бул граффитини текшериш үчүн кечинде чыгышканын, бул текшерүү боюнча кандай чечим кабыл алынганын ал азырынча билбей турганын айтты.

«Ооба, биздин кызматкерлер бул граффитини текшергени кетишкен, бирок жаяндарды ким боёп салганын мен билбейм. Текшерүүнүн жыйынтыгын мага айтыша элек», — деди ал.

Граффитинин автору, сүрөтчү Сергей Келлер өз эмгегин коргоп, ал тарткан жаяндардын өз жанын кыюуга түрткөн оюндарга эч тиешеси жок экенин айтты.

«Тилекке каршы, биз эч нерсе өзгөртө албайбыз», — деди ал.

Өспүрүмдөр арасында өз жанын кыюу темасы интернеттин кыргыз сегментинде «Спутник» басылмасындагы макаладан кийин башталган, анын авторлору өз жанын кыюуга түрткөн оюн «Кыргызстанга жетти» деп жазышкан.

Бирок милиция Кыргызстанда интернеттеги материалдан улам кимдир бирөө өз жанын кыйган бир да учур боло элек экенин билдирди.

Ошого карабастан, ИИМ интернетте «өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга азгырган оюндардын жайылышына» көз салууга убада берди, бирок ал иш кандай жасалаары белгисиз.

Биринчи жолу «өлүм топторунун» темасы Орусиянын «Новая газета» басылмасындагы макалада сүрөттөлгөн.

Макалага ылайык, бул «оюндун» маңызы боюнча мындай топтордун администраторлору мектеп окуучуларын оюнга чакырып, айрым бир хэштегдерди пайдалануу менен коомдук түйүндөрдө көк жаяндын сүрөтүн коюуну сунуш кылышат. Андан ары алар мектеп окуучуларын ар кандай тапшырмаларды аткарууга көндүрүшүп, акырында өз жанын кыюуга чейин алып барган тапшырмаларды беришет.

«Новая газетанын» материалы журналисттик коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган. Кесиптештер макалада өз жанын кыюу менен «өлүм топторунун» ортосундагы себеп-натыйжа байланыштары далилденген жок деп эсептешкен.


ТЕМА БОЮНЧА: