Мектеп окуучусунун өлүмүнөн кийин «өз жанын кыюуга жеткирүү» боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте 8-класстын окуучуусу 5-кабаттан боюн таштап жибергенден кийин милиция «Өз жанын кыюуга көндүрүү» жана «Өз жанын кыюуга жеткирүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Милиция маркумдун коомдук түйүндөрүн жана анын үй-бүлөсү, достору менен болгон мамилесин текшерип жатат.

Учурда өз жанын кыюу окуясын Свердлов районунун РИИБи иликтеп жатат. ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаев Kloop.kg менен болгон маекте азыр баланын коомдук түйүндөрдөгү акккаунттары жана анын үй-бүлөсү, достору менен болгон мамилеси текшерилип жатканын айтты.

«Иш жаңыдан эле козголду, биз тергөө жүргүзүп жаткан чагыбыз. Анын өз жанын кыйышына кимдердин тиешеси болушу мүмкүн экенин аныктоодобуз. Азыр баланын телефонун, компьютерин, досторун, туугандары менен болгон мамилесин текшерип жатабыз. Маркумдун "өлүм топтору" менен байланышын текшерүүдөбүз. Бул тууралуу кийин айтып беребиз», — деди Осмонбаев.

Иш боюнча бардык зарыл экспертизалар дайындалды.

Мектеп окуучусу 1-февралда эртең менен эрте «Чыгыш-5» кичирайонунда бешинчи кабаттагы терезеден боюн таштаган. Ал № 12-мектеп-гимназияда окучу.

«Өлүм топтору»

Өспүрүмдөр арасында өз жанын кыюу темасы интернеттин кыргыз сегментинде «Спутник» басылмасындагы макаладан кийин башталган, анын авторлору өз жанын кыюуга түрткөн оюн «Кыргызстанга жетти» деп жазышкан.

Бирок милиция Кыргызстанда интернеттеги материалдан улам кимдир-бирөө өз жанын кыйган бир да учур боло элек экенин билдирген.

Ошого карабастан, ИИМ интернетте «өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга азгырган оюндардын жайылышына» көз салууга убада берген, бирок ал иш кандай жасалаары белгисиз.

Биринчи жолу «өлүм топторунун» темасы Орусиянын «Новая газета» басылмасындагы макалада сүрөттөлгөн.

Макалага ылайык, бул «оюндун» маңызы боюнча мындай топтордун администраторлору мектеп окуучуларын оюнга чакырып, айрым бир хэштегдерди пайдалануу менен коомдук түйүндөрдө көк жаяндын сүрөтүн коюуну сунуш кылышат. Андан ары алар мектеп окуучуларын ар кандай тапшырмаларды аткарууга көндүрүшүп, акырында өз жанын кыюуга чейин алып барган тапшырмаларды беришет.

«Новая газетанын» материалы журналисттик коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган. Кесиптештер макалада өз жанын кыюу менен «өлүм топторунун» ортосундагы себеп-натыйжа байланыштары далилденген жок деп эсептешкен.

Сүрөт: «АКИпресс»


ТЕМА БОЮНЧА: