Бишкек мэриясы «өлүм топторуна» байланыштуу интернет-кафелердин түнү иштебешин сунуш кылды

Өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга түртүп жатат делген виртуалдык оюндардын тарашына байланыштуу Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова интернет-кафелердин түнү иштебешин сунуш кылды. Милиция буга байланыштуу интернет-клубдарда рейддерди жүргүзүүдө.

«Өлүм оюндарынын» жайылышы боюнча өткөн өкмөттүк жыйында Рыскулова түнкү убакта интернет-кафелерди жабууну сунуш кылды.

Өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга түртүшү ыктымал делген виртуалдык оюндардын таркалышына байланыштуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери компьютердик клубдарда рейддерди жүргүзө башташты.

Клубда табылган балдардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тийиштүү тарбия бербегендиги үчүн ата-энелер административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экендиги айтылды.

Милиция кызматкерлери ошондой эле клубда иштегендерге кечки 10дон кийин клубда жашы жете электер табыла турган болсо, клубга ар түрдүү чара көрүлөөрү, керек болсо клуб жабылышы да мүмкүн экендигин эскертишти.

«Өлүм топтору»

Өспүрүмдөр арасында өз жанын кыюу темасы интернеттин кыргыз сегментинде «Спутник» басылмасындагы макаладан кийин башталган, анын авторлору өз жанын кыюуга түрткөн оюн «Кыргызстанга жетти» деп жазышкан.

Бирок милиция Кыргызстанда интернеттеги материалдан улам кимдир бирөө өз жанын кыйган бир да учур боло элек экенин билдирген.

Ошого карабастан, ИИМ интернетте «өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга азгырган оюндардын жайылышына» көз салууга убада берди, бирок ал иш кандай жасалаары белгисиз.

Биринчи жолу «өлүм топторунун» темасы Орусиянын «Новая газета» басылмасындагы макалада сүрөттөлгөн.

Макалага ылайык, бул «оюндун» маңызы боюнча мындай топтордун администраторлору мектеп окуучуларын оюнга чакырып, айрым бир хэштегдерди пайдалануу менен коомдук түйүндөрдө көк жаяндын сүрөтүн коюуну сунуш кылышат. Андан ары алар мектеп окуучуларын ар кандай тапшырмаларды аткарууга көндүрүшүп, акырында өз жанын кыюуга чейин алып барган тапшырмаларды беришет.

«Новая газетанын» материалы журналисттик коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган. Кесиптештер макалада өз жанын кыюу менен «өлүм топторунун» ортосундагы себеп-натыйжа байланыштары далилденген жок деп эсептешкен.


ТЕМА БОЮНЧА: