Гүлендин лицейлери жарым-жартылай Кыргызстандын карамагына өтөт

Түркияда куугунтукталган диний ишмер Фетхулах Гүленге тиешеси бар деп эсептелген «Себат» билим берүү мекемелер тармагынын уюштуруучу кеңешине Кыргызстандын билим берүү министрлиги кирет. Кыргыз мамлекети түркиялык лицейлердин жана жождордун уставын жана аталышын өзгөртөт.

Билим берүү министрлигин «Себаттын» уюштуруучу кеңешине киргизүү тууралуу чечимди Кыргызстандын өкмөтү 3-февралда кабыл алды.

Министрлик түркиялык билим берүү мекемелеринин — 16 лицей, төрт мектеп жана «Ататүрк-Алатоо» эл аралык университети — жаңы уставын жана аталышын иштеп чыккан.

«Учурда “Себаттын” уставынын долбоору иштелип чыкты, каттоо үчүн юстиция органдарына жөнөтүлөт. Уюштуруучулар кеңешиндеги өзгөрүүлөрдөн сырткары, билим берүү мекемесинин аталышы да өзгөрөт», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

«Себат» мекемелер тармагынын басма сөз катчысы Зафарбек Сулайманов билдиргендей, учурда лицейлердин жана университеттердин жаңыча иш алып баруу форматы талкууланууда.  

«“Себат” — бул жеке менчик уюм, бирок президенттин пресс-конференциясынан кийин министрликти уюштуруучулар тобуна киргизүү сунушу талкуулана баштаган. […] Буга чейин биз 25 жыл жеке менчик ишкана катары иш алып бардык, азыр болсо кантип биргелешип иштесек боло турганын талкуулап жатабыз», — деди ал.

«Себат» билим берүү мекемелер тармагын түркиялык оппозициялык саясатчы Фетхуллах Гүлен негиздеген болчу.

Фетхуллах Гүлен. Сүрөт: haber.

Учурда Кыргызстанда Гүлен негиздеген 30 билим берүү мекемеси иштеп жатат. Аларда 12 000 бала билим алат.

Стамбул прокуратурасы «Ататүрк-Алатоо» университети Гүлендин «террорчул идеяаларын» таркатууда деп шек санап келет. Кыргызстандагы түркиялык лицейлердин жана «Ататүрк-Алатоо» университетинин айланасында чыр-чатактар 2016-жылдын июлунда башталган.

Түрк бийлиги Гүленди 2016-жылы июлда Стамбулдагы ишке ашпай калган аскерий төңкөрүштү уюштурду деп күнөөлөгөн. Түркиянын өкмөтү Кыргызстандагы Гүленге тиешеси бар бардык мекемелерди жабууну талап кылган.

Жооп иретинде кыргыз бийлиги Түркияга өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөсүн билдирген.

Гүлен өзү АКШда жашайт. Түркия өкмөтү Американын бийликтен аны өлкөдөн чыгарып салууну талап кылган.

Авторлошу: Бексултан Амантур уулу


ТЕМА БОЮНЧА: