Париж: Мачете менен куралданган киши Луврдун кароолчусуна кол салды

Куралчан киши атактуу музейдин кароолчусуна кол салды. Полициянын билдирүүсү боюнча, ал «Аллах акбар!» деп кыйкырып, аскерди башка чапкан. Аскер жеңил жарат алган, ал эми кол салган кишиге беш жолу ок атылган. Учурда ал ооруканада.

Күбөлөр ар башканы айтышууда. Биринин айтымында, кол салган киши музейге эки чемодан менен келген, муну менен ал кароолчулардын көңүлүн өзүнө буруп аскерге кол салган.

Башкалардын сөзү боюнча, кишинин колунда чемодан эмес, рюкзак болгон, ошондой эле ал мачете менен куралданган болчу.

Сүрөт: REUTERS/Christian Hartmann

Кол салган кишиге беш жолу атышкан, ал ичинен катуу жарат алган: ооруканага жеткирилип, ага операция жасалмакчы.

Анда жарылуучу заттар табылган эмес, бирок Франциянын премьер-министри Бернар Казнев Луврдагы кол салууну «террористик» деп баалады.

Сүрөт: REUTERS/Philippe Wojaze/File photo

Париждин полициясы дагы бир адамды камакка алган, анын билдирүүсүндө бул киши да кол салуу учурунда өзүн шектүү алып жүргөн.

Луврга келгендердин баары музейден чыгарылган, айланасы жана жакын жердеги метронун бардык станциялары курчалган.

Сүрөт: REUTERS/Christian Hartmann

Акыркы эки жыл аралыгында Францияда террористтик чабулдардан 230 киши каза болгон.

Сүрөт: REUTERS


ТЕМА БОЮНЧА: