Орусия: Навальный шарттуу түрдө беш жылга кесилди

Сот «Кировлес» иши боюнча орусиялык оппозиционер Алексей Навальный жана ишкер Пётр Офицеров башка бирөөнүн мүлкүн уурдоодо күнөөлүү деген чечим чыгарды. Навальныйдын соттолгондугу анын президенттикке ат салышуусуна жолтоо болушу мүмкүн, оппозиционер соттун өкүмүнө даттанмакчы.

Кировдун Ленин райондук соту 2009-жылы «Кировлес» мамлекеттик ишканасынын мүлкүн уурдоо иши боюнча Навальный менен Офицеровду күнөөлүү деп тапты. Экөө тең шарттуу түрдө кесилишти: Навальный — беш жылга, Офицеров — төрт жылга.

Алар айып пул катары 500 миң рубль төлөшү керек болот.

Навальныйдын пикири боюнча, соттун окуган тексти 2013-жылы аны соттоп жатканда окулган өкүм текстинен эч айырмаланбайт.

Соттун өкүмү Навальныйдын президенттике ат салыша тургандыгы тууралуу билдирүүсүнөн бир ай өтпөй чыгып жатат. Киров сотунун чечими орусиялык оппозиционердин президенттике ат салышуусуна жолтоо болушу мүмкүн.

Навальный бул соттук чечимди жокко чыгаруу аракетин кыларын жана да президенттикке ат салышуудан кайтпастыгын билдирди.

Анын адвокаты Ольга Михайлова президенттик шайлоо туралуу мыйзамдар Навальныйга талапкер болууга жол бербестигин тастыктады.

Бирок ал ошол кезде Башкы мыйзамдын 32-беренесине шилтеме кылды. Ага ылайык, камакта отурбаган бардык жарандар президенттикке ат салыша алат. «Башкача айтканда бул жерде юридикалык коллизия бар», — дейт ал.

«Кировлестин» мүлкүн уурдоо тууралуу иш

2013-жылдын июлунда эле Навальный менен Офицеров «Кировлес» иши боюнча күнөөлү деген соттук өкүм чыккан болчу. Анда Кировдун Ленин райондук соту аты аталгандар «Кировлес» мамлекеттик ишканасынан 16 миллион рубль баасындагы 10 миң кубометр жыгач-тактайларды уурдаган деген бүтүм чыгарган.

Соттуну чечими окулгандан кийин сот бөлмөсүндө Навальный менен Офицеров камакка алынган. Бирок эртеси соттун чечими күчүнө киргиче эч жакка кетпөө кол каты менен алар эркиндикке чыгарылган.

Андан кийин Киров облустук соту өкүмдү өзгөрткөн — реалдуу мөөнөттөр шарттуу мөөнөттөр менен алмаштырылып, ар бири 500 миң рубль өлчөмүндөгү айып пулду төлөөгө милдеттендирилген.

Навальный менен Офицеровдун адвокаттары акыйкат соттук териштирүүгө адам укуктары бузулду деген даттануу менен Адам укуктары боюнча Европалык сотко кайрылышкан (АУЕС).

АУЕС ишке тийиштүү материалдар менен таанышып чыккандан кийин орусиялык соттор күнөөлөнүп жаткандардын укуктарын бузган деген чечим чыгарып, Навальныйдын моралдык жана материалдык чыгымдарын компенсация кылууну жана соттук чыгымдарын жаап берүүнү караштырган.

Орусиянын Жогорку соту 2016-жылдын 16-ноябрында АУЕСтин чечимине байланыштуу мурдагы өкүмдү жокко чыгарып, иштин жаңыдан карап чыгууга тапшырма берген.

Өкүм жокко чыгарылганына бир ай болгондо Навальный 2018-жылкы президенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирген.

Навальный Орусиянын президенти Владимир Путинди катуу сындаган, бийликтеги жемкорлук менен күрөшкөн коомдук ишмер катары белгилүү.

Сүрөт: «Азаттык»


ТЕМА БОЮНЧА: