«Манчестер Юнайтед» футбол клубунун мыкты курамы кырылып калганына дал ушул күнү 59 жыл болгонуна байланыштуу «Kloop.kgнин» спорттук баяндамачысы Каминат Имирханова айтылуу «Пахтакор» футбол клубунан тартып Кыргызстандын баскетбол боюнча курама командасына чейин бүтүндөй командалардын өмүрүн алып кеткен авиакырсыктар тууралуу эскерди.

Дээрлик 60 жыл мурун Мюнхендин аба майданынан учуп баратып ичинде «Манчестер Юнайтед» бараткан учак кыйрап калган. 24 киши, анын ичинде негизги курамдын сегиз оюнчусу каза тапкан. Спорттун тарыхында бул жалгыз каргашалуу күн эмес, ондогон спортчулардын башын жеген кырсыктар далай болгон.

«Торино»

Италиянын «Торино» клубу. Сүрөт: Externa

1949-жылдын 4-майында Туринга кичине эле жетпей Италиянын «Торино» футбол клубу түшкөн учак кулап калган. Анын ичиндеги 31 кишинин баары мүрт кеткен, алардын 18и клубдун оюнчулары болчу.

Адистер авиакырсыктын себеби катары Туринге конуп баратканда жол жакшы көрүнбөгөнүн айтышкан. Учкуч туура багыт ала албай, учак дөбөдө курулган Суперг базиликасына канаты илинип калып чоң ылдамдыкта жерге урунган.

Кырсык болгон жердеги сүрөт

Клуб «Бенфикага» каршы матчтан кийин Лиссабондон учуп келаткан, учак Барселонага коно кеткен. Ал жакта туриндиктер Италиянын чемпионаты боюнча «Миландагы» жолдошторун кездештиришкен, алар болсо Мадридге учуп бараткан жана «Торинонун» оюнчуларын акыркы болуп көргөн.

Ал жылы «Торино» Италияын чемпионатында жакынкы атаандашынан төрт упайга озуп чыккан. Чемпионаттын соңуна чейин төрт айлампа калган болчу. Жаштар командасынан, кошумча командадан жана өспүрүмдөр командасынан шашылыш жыйналып келген оюнчулар башка матчтардын баарын утуп чыгууга жетишкен.

Сый-урматтын белгиси катары «Ториного» атаандашкан клубдардын баары старттык курамда өз жаштарын чыгарышкан. Авиакырсыктан каза тапкан оюнчулар көзү өткөндөн кийин Италиянын чемпиондору деп аталышкан.

«Манчестер Юнайтед»

Сүрөт: The Red Devils

1959-жылдын 6-февралында Белград-Мюнхен-Манчестер рейси боюнча кетип бараткан учактын ичинде 44 киши бар эле. Авиакырсыктан 21 киши дароо мүрт кетип, дагы экөө ооруканадан жан берип, калгандары ар кандай жарадар болушкан. «Манчестер Юнайтеддин» сегиз футболчусу, экипаждын эки мүчөсү, клубдун машыктыруучулук штабынын үч мүчөсү, сегиз журналист жана эки жүргүнчү каза тапкан.

Учак Мюнхендин аба майданында туура үч сыйра учуп кетүүгө аракет кылып, аягында кулап түшкөн. Тергөө кырсык учуу тилкесинин аягындагы кардын көптүгүнөн болду деген жыйынтыкка келген.

Учак абага көтөрүлгүдөй ылдамдык кала албай, кашаага тийип кетип турак үйдүн үстүнө кулап түшкөн. Ал үйдө жашаган ү-бүлө көчөгө чуркап чыкканга үлгүрүп аман калган.

Сүрөт: Klaus Heiler

«Манчестер Юнайтед» Европа чемпиондорунун кубогундагы «Црвены Звездыга» каршы матчтан кийин Белграддан кайтып келаткан. Мюнхенге учак май куя кеткени конгон эле.

Учкучтар учакты абага көтөрүүгө эки сыйра аракет кылышкан. Кайсы бир учурда рейсти кийинкиге калтырмак болушкан, бирок экипаждын командири графиктен чыккысы келбей, эч нерсеге карабай учуп чыкмак болгон.

Кырсыктан кийин клубду таркатуу жөнүндө кеп жүрө баштаган. Кырдаалды башкы машыктыруучу Мэтт Басбинин жардамчысы Жимми Мерфи сактап калган. Ал Басби дарылангыча клубдун жетекчилигин өзүнө алып турган.

Мерфи команданы жаңыдан чогултуп чыккан, ага клубдун жаштар канаты жана оюнчуларын «Манчестер Юнайтедге» бекер берүүгө даяр болгон Англиянын премьер-лигасындагы кызматташтары жардам беришкен.

Айтылуу команданын курамы кырсыктан бир жыл мурда. Сүрөт: Notey

Кырсыктан кийин клуб Англия кубогунунун финалына чейин жетип, анда «Болтонго» 0:2 эсебинде утулуп калган. Кийинки сезондо Мэтт Басби башкы машыктыруучунун кызматына кайтып келип, «Басбинин бөбөктөрүнүн» жаңы муунун тарбиялай баштаган. Он жылдан кийин «Манчестер Юнайтед» Европа чемпиондорунун кубогун утуп алган.

2008-жылы «Манчестер Юнайтед» Чемпиондор лигасынын финалында утуп чыкты. Сыйлык тапшырууга команданы сэр Бобби Чарльтон — клубдун кырсыкта аман калган айтылуу оюнчусу алып чыкты. Жеңиш Мюнхенде курман болгондордун элесине арналды.

2011-жылы ошол авиакырсык тууралуу «Юнайтед. Мюнхен каргашасы» деген фильм чыккан.

«Пахтакор»

Сүрөт: «ПАХТАКОР-79»

Авиациянын тарыхындагы эң үрөй учурган кырсыктардын бири 1979-жылдын 11-августунда Днепродзержинсктин үстүндөгү асманда болгон. Эки учак асмандан кагыша кетип, салондордогу 178 жүргүнчүнүн баары мүрт кеткен.

Учактардын биринде өзбек «Пахтакорунун» 17 оюнчусу келаткан болчу. Рейс Ташкент-Минск багытында бараткан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кырсыкка экипаж капитандарына туура эмес маалыматтарды берген жаш жана тажрыйбасыз авиадиспетчердин көптөгөн каталары себеп болгон.

Сүрөт: А. Варфоломеев

Курман болгондордун туугандары айткан башка версия боюнча учактар аскердик машыгуу өткөрүлгөн жердеги ракеталык түзүлүштөр менен атып түшүрүлгөн. Бирок эксперттер бул версияны жокко чыгарып жүрүшөт.

Бул авиакырсыкта айтылуу «Пахтакордун» оюнчулары курман болгондуктан ал тууралуу кеңири кеп болуп, эл аралык аренада айтылбай калган эмес.

Курман болгон команда үчүн ыктыярчылар оюнга киришкен. Үч жыл бою СССРдин Футбол федерациясы бул команда сезон соңунда көрсөткөн жыйынтыктарына карабай «Пахтакорго» жогорку лигадагы орунду кепилдиги менен камсыз кылып келген.

Кыргызстан жаштарынын баскетбол боюнча курама командасы

Курман болгондордун урматына Кыргызстанда жыл сайын жаштар арасында баскетбол боюнча эл аралык чемпионат өткөрүлөт. Сүрөт: Sport AKIpress

Кыргызстандын тарыхындагы эң ири авиакырсыктардын бири 2008-жылы 24-августта болгон. Бишкектин жанындагы Жаңы-Жер айылында жүргүнчү ташуучу «Боинг-747» кулап түшкөн.

83 жүргүнчүнүн, экипаждын жети мүчөсүнүн ичинен 25 киши аман калган. Учактын жүргүнчүлөрүнүн арасында Кыргызстандын жаштар арасында баскетбол боюнча курама командасынын мүчөлөрү да болгон. 17 баланын жетөө гана аман калган.

Учуп чыккандан кийин экипаж командири кабинанын герметизациясы бузулуп кеткенине байланыштуу кайра конууга уруксат сураган. Конгонго аракет кылып баратканда учак жерге кулап түшүп, күйө баштаган.

Сүрөт: Бектур Искендер

Учактын кулашынын себепкери катары эксперттер учкучтун катасын айтышкан. Экипаждын аман калган эки мүчөсү — командир менен экинчи учкуч күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган.

Учак Бишкек-Тегеран рейсинде жүргөн. Жаштар командасы Иранга Азия чемпионатына бараткан.

Делегацияны баштап бараткан № 29-гимназиянын директору Бахтияр Кадыров кырсыктан кийин дароо эле эсин жоготпогон башка спортчулар менен кошо өрттөн жүргүнчүлөрдү алып чыгууга киришкен.

Ошол үрөй учурган кырсыкта Байыш жана Жаныш Адиевдер аман калышкан. Байыш жергиликтүү баскетбол командасы үчүн ойнойт, Жаныш Казакстандын «Каспийинде» ойнойт, экөө тең Кыргызстандын курама командасынын өкүлү. Сүрөт: Facebook Байыш Адиев

2009-жылы ошол төбө чачты тик тургузган кырсыктан аман калган балдар АКШдагы мелдешке учуп барып келишти. Ал жактан алар НБАнын оюндарын барып көрүп, жергиликтүү коллеждердин командаларына каршы ойноп кайтышты.

Бул сапар аларга калыбына келип, психологиялык жаракатынан айыгууга жардам бериши керек болчу. Кийинчерээк Кыргызстандын Баскетбол федерациясы курман болгон баскетболчулардын элесине арнап турнир өткөрдү.

«Локомотив»

Сүрөт: AP

«Локомотив» хоккей клубунун оюнчулары, машыктыруучулар штабы жана кызматкерлери аларды жергиликтүү «Динамо» күтүп турган Минск шаарына баратып 2011-жылдын 7-сентябрында Ярославлдын алдындагы авиакырсыктан курман болушкан.

Аба кемеси учуш үчүн зарыл бийиктикке көтөрүлө албай, маяктын антеннасына урунуп, учуу-конуу тилкесинен анча алыс эмес жерге кулап түшкөн.

Кырсыкка учак күүлөнүп баратканда экипаждын командири же экинчи учкуч тормоз педалына байкабай басып алганы себеп болгон.

Куткаруучулар авиакырсыктан аман калган эки кишини — инженер Александр Сизовду жана клубдун оюнчусу Александр Галимовду ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер Сизовду гана сактап кала алышкан. Галимов терисинин 90 пайызы күйүп, жан таслим болгон.

Сүрөт: Global Look Press

КХЛдин (Континенталдык хоккей лигасынын) Кубогунун ачылышына арналган матч каргаша тууралуу кабар келээри менен токтотулган, кийин такыр эле алынып салынган. Кийин ал жаңы аталыш — «Локомотив Кубогу» деген ат менен ойнолгон.

Клубдун жетекчилигине көңүл айтуу каттары дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарынан келген. Кырсык болгон күндөргө жакын мезгилде өткөрүлгөн маанилүү спорттук иш-чаралардын баары бир мүнөт унчукпай туруудан башталган.

Команданын негизги курамынын өлүмүнө байланыштуу «Локомотив» КХЛдин келерки сезонуна катышпайт деген чечим кабыл алынган.

Орусиянын хоккей боюнча курама командасынын 2012-жылдагы дүйнө чемпионатындагы жеңиши «Локомотивдин» элесине арналган.

«Шапекоэнсе»

Сүрөт: AFP

Боливиядан Колумбияга бараткан учакта 72 жүргүнчү жана экипаждын тогуз мүчөсү бар болчу. Ал 2016-жылдын 28-ноябрында Колумбиянын Антиокия провинциясында Ла Уньон шаарынын тегерегинде кулап түшкөн. Кулап баратканда учак экиге бөлүнүп кеткен.

Учакта Бразилиянын «Шапекоэнсе» футбол клубунун оюнчулары бар эле. Алар Түштүк Америка Кубогунун финалында «Атлетико Насьоналга» каршы ойнош үчүн Колумбияга учуп баратышкан

Бул кырсыктан алты киши — «Шапекоэнсенин» үч футболчусу, журналист жана экипаждын эки мүчөсү авиамеханик жана стюардесса аман калды. Клубдун футболчуларынын бири ооруканадан көз жумду.

Сүрөт: AP

Кырсыктын себептери катары отундун жетишсиздиги, жабдуунун иштебей калганы, ошондой эле учканга ылайыксыз аба ырайы аталган — Колумбиянын тоолорунда нөшөр төгүп жаткан болчу.

Бразилиянын чемпионатында 9-орунду ээлеген «Шапекоэнсе» өз тарыхындагы эң ири жана маанилүү матчка учуп бараткан. Бразилия клубу континенталдык кубоктун финалына алгачкы жолу чыккан эле да.

Каргашадан кийин «Атлетико Насьоналдын» футболчулары Түштүк Америка Кубогун «Шапекоэнсеге» берүүнү чечишти. Ал үчүн ФИФАдан «Калыс оюн үчүн» деген атайын сыйлык алышты.

Бул жаш спортчулардын өмүрүн алган бардык авиакырсыктар эмес.

Ар кайсы жылдары авиакырсыктарда кырылып калгандар:
Даниянын футбол боюнча курама командасы — 1960-жылдын 16-июлу
Чилинин футбол клубу «Грин Кросс» — 1961-жылдын 3-апрели
Боливиянын «Стронгест» футбол клубу — 1969-жылдын 26-сентябры
Алжирдин «Эйр Ликвид» футбол клубу — 1970-жылдын 31-декабры
Перунун «Альянса Лима» футбол клубу — 1987-жылдын 8-декабры
Голландиялык футболчулар — 1987-жылдын 7-июну
Замбиянын футбол боюнча курама командасы — 1993-жылдын 27-апрели


ТЕМА БОЮНЧА: