Эл аралык Кызыл чырым комитетинин (ЭКЧК) кызматкерлери 8-февралда алыскы тоолу райондорго гуманитардык жардам жеткирип баратканда аларга чабуул коюлду. Өлкөнүн бийлиги кол салгандар «Ислам мамлекетинин» жоочулары болгон деп болжоп жатышат.
Чабуул учурунда киши колдуу болгон алты кызматкер тең жергиликтүү тургундар болушкан. Алар Ооганстандын түндүгүндөгү Жаузжан провинциясынын киши оңой жете албай турган тоолуу райондоруна гуманитардык жардам жеткирип баратышкан. Провинцияда кар калың жаап, көчкү жүргөн болчу.
«Дендароо болуп, чөгүп отурабыз. Ооганстандын Жаузжан провинциясында Эл аралык Кызыл чырым комитетинин алты кызматкери киши колдуу болгонун, дагы экөө дайынсыз жоголгонун ырастайбыз», — деди ЭКЧКнын Ооганстандагы делегация башчысы Моника Занарелли.
Жаузжандын губернатору Лутфулла Азизинин айтымында, полиция жоголгон кызматкерлерди издеп жатат.
«Кызыл чырымдын» кызматкерлерин өлтүрүү үчүн Ооганстандагы бир да террорчул топ өзүнө алган жок, бирок өлкөнүн бийлиги кол салгандарды ИГИЛдин жоочулары болсо керек деп болжоп жатат.
Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид «Талибандын» мүчөлөрү эл аралык уюмдун кызматкерлерин өлтүрүүгө эч кандай тиешеси жок экенин жана «кылмышкерлерди табыш үчүн колдон келишинче аракет кылышаарын» билдирди.
Ооганстанга жардам берүү боюнча БУУнун миссиясынын статистикасына караганда 2016-жылы жоочулар 3498 жайкын жаранды өлтүрүп, 7920сын жарадар кылышкан.
ТЕМА БОЮНЧА:
- Тажикстан: Бийлик Ооганстан менен чек арада жоочулар топтолуп калганын жарыялады
- Ооганстан: «Талибандын» жоочулары пакистандик тик учактын экипажын колго түшүрүштү (орус тилинде)
- Кабул: Жогорку соттун жанындагы жардыруу 20дан ашык адамдын өмүрүн алды