Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде 124-ордун сактап калды

Кыргызстандын курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын февралдагы рейтингинде 124-орунга ээ болуп, позициясын да жоготкон жок, упай да кошкон жок.

Февралда Александр Крестининдин командасы январдагы абалын өзгөртпөй, дүйнөлүк рейтингде 124-сапта орун алды. Былтыркы ноябрдан бери курама команда рейтингдеги өз абалына таасир эткидей эч кандай жолугушууларды өткөргөн эмес.

Азия футбол конфедерациясынын курама командаларынын арасында Кыргызстан 16-сапта турат, команданын активинде 265 упай бар. Азиялык аймактын лидери болуп баягыдай эле Иран эсептелет, анын 798 упайы бар.

Январда Кыргызстандын курама командасы Азия Кубогунун тандалма айлампасы боюнча өзүнүн каршылаштарын  билди. Алар дүйнөлүк рейтингдин 130-сабында болгон Индия, 159-сабындагы Мьянма жана 184-саптагы Макао болуп чыкты.

Эгерде топтук баскычтан ийгиликтүү чыкса, Кыргызстан тарыхта биринчи жолу Азия чемпионатынын финалдык баскычына катыша алат. Биринчи матчты курама команда март айында Макаонун курама командасына каршы өз мекенинде ойнойт.

Былтыр октябрь айында алган 99-орун курама команданын тарыхтагы эң мыкты жыйынтыгы болуп эсептелет.

Дүйнөлүк рейтингдин биринчи сабын баягыдай эле Аргентинанын курама командасы ээлейт, анда 1635 упай бар. Андан кийин Бразилия (1529) жана Германия (1433) жайгашкан.

Биринчи он сап 1168 упай алган Испаниянын курама командасы менен аяктайт.

Рейтингдеги эң мыкты көрсөткүч Камерундун курама командасында катталган. Африка континентинин жаңы чыккан чемпиондору 29 позиция кошуп, 33-сапка жайгашты.

Эң начар көрсөткүч 13 позициясын жоготуп, 47-сапка жайгашкан Кот-д’Ивуардыкы.

ФИФАнын курама командалар рейтинги — команданын учурдагы күчүнүн салыштырмалуу көрсөткүчүн аныктоого жол бере турган система. Ал ай сайын жаңыртылат.

Упай чегерүү системасы туруктуу эмес жана көп жагдайлардан: атаандаш курама команданын күчүнөн, ФИФАнын учурдагы рейтингиндеги орундан, матчтын маанилүүлүк коэффициентинен жана башкалардан көз каранды.

Эл аралык футбол федерациясынын мүчөсү болгон курама командалардын кийинки рейтинги 9-мартта чыгат.


Сүрөт: КРФФ