Ташкенге 25 жылдан бери биринчи жолу Дүйшөмбүдөн учак келип конду

Ташкендин аба майданына 25 жылдан бери биринчи жолу Дүйшөмбүдөн жүргүнчү ташуучу учак келип конду. Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы жүргүнчү авиакаттамдар 1993-жылдан бери токтоп калган болчу.

Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учагы Ташкенге 10-февралда келип конду. Авиакомпаниянын билдирүүсүнө караганда, рейс техникалык мүнөздө болуп, бул сапар жүргүнчү ташылган эмес.

Дүйшөмбү менен Ташкендин ортосундагы жүргүнчүлөр каттамы толугу менен 20-февралда калыбына келет.

Рейс кыштын аягына чейин жумасына бир жолу — дүйшөмбү күнү, жайында болсо жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү каттап турат.

Орто эсеп менен эки шаардын ортосунда учуу убактысы 45 мүнөткө барабар. Бир тарапка баруучу билеттин баасы 150 долларга жакын.

Эки өлкө ортосундагы каттамды жеңилдетүүдөн тышкары, авиакомпаниялар Ташкендин аба майданынан дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө транзиттик каттоо аркылуу учуунун географиясын кеңейте алышат.

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы авиакаттамдар 1993-жылы токтоп калган. Орток тарыхына, окшош маданиятына карабастан, эки өлкөнүн алакасы СССР кулагандан кийин сууп кеткен боюнча турат.

Эки өлкөнүн ортосундагы тымызын «кансыз согушка» Тажикстан өлкөдөгү электр тартыштык маселесин чечиш үчүн Рогун ГЭСин курууга ниеттенгени башкы себеп болгон.

Бирок өзбек бийлигине Тажикстан өз аймагында суунун көлөмүн көбөйтүп эле тим болбостон, Өзбекстанга Амударыя аркылуу бараткан агымды да көзөмөлдөмөкчү болгону жакпай калган.

Авиакаттам жаңырганына карабастан, эки өлкө ортосунда эмгиче визалык режим иштейт, ал эми алардын чек арасы миналанган боюнча турат.

Өзбекстандан тышкары, Тажикстан менен Орусия да 2016-жылдын ноябрында Орусиянын айрым аймактарына авиакаттам уюштуруу жөнүндө макулдашышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: