Журналист Сапанов муфтият тарабынан аңдылып жатканын айтууда

Журналист Зулпукар Сапанов «Кыдыр санжырасы» китебине байланыштуу муфтияттын өкүлдөрү жашоосуна коркунуч туудуруп жатканын билдирип чыкты. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы болсо журналисттин айткандарын четке кагууда.

Сапановдун айтымында, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) аны түздөн-түз эмес, башка адамдар аркылуу коркутуп-үркүтүүдө.

«Алар өздөрү коркутуп жаткан жок. Мага кимдир бирөөлөр аркылуу коркутуп-үркүтүү болууда. Менин артымдан кимдир бирөө аңдып жүргөнүн байкадым», — деди Сапанов Kloop.kgге курган маегинда.

Сапанов кошумчалагандай, бул анын «Кыдыр санжырасы» китебине байланыштуу болууда. Ал китебинде акылман Кыдыр кудайбы-жокпу, ал эми Аллах шайтанбы деп суроо салат.

КМДБ китептин айрым басылган бөлүктөрү ислам дининин баалуулуктарына жана пайгамбарларына акаарат келтирет, бул болсо диндер аралык чыр-чатакка алып барышы мүмкүн деп эсептейт.

КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Сапановдун жашоосуна келтирилген коркунучка муфтияттын тиешеси жок экенин айтып, КМДБ журналист Сапанов менен эч качан байланышпаганын кошумчалады.

«Биз бул боюнча эми эле угуп жатабыз. Бул чындыкка дал келбеген маалымат», — деп билдирди Атабаев Kloop.kgге курган маегинде.

Сапановдун «Кыдыр санжырасы» китебинин үзүндүлөрү бир нече басылмаларда чыккандан кийин ал диний ишмерлердин көңүлүн бурган. Айрымдары журналистти сотко берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Сапановдун үйүндө 8-февралда тинтүү жүргүзүп, анын ноутбугун, уюк телефонун жана китептерин алып кеткен.

Сапанов өзү болсо сөз эркиндигине жана бекитилген гипотезалар боюнча күмөн саноого укугум бар деп эсептейт. Анын айтымында, китебинде диндер аралык жаңжалга алып бара турган маалымат жок.


ТЕМА БОЮНЧА: