Башкы прокуратура Атамбаевдин Кипрде мүлкү бар-жогун текшерет

Президент Алмазбек Атамбаев оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин президенттин Кипрде мүлкү бар деп айткан сөздөрүнүн чын-төгүнүн текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырды.

Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаевага 13-февралда тапшырма берди. Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, ал Атамбаев Кипрде мүлкү бар экенин айткан Текебаевдин сөздөрүн текшериши керек.

«[…] мамлекет башчысынын Кипрде мүлкү "табылганы" тууралуу айрым ЖМКларда жарык көргөн "Ата Мекен" фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзүлүп, мыйзамда каралган бардык чаралар көрүлсүн», — деп билдирет басма сөз кызматы.

Башкы прокуратура президентке жана коомчулукка бул текшерүүнүн жыйынтыктарын ачык билдириши керек.

Бүгүн, 13-февралда, «Ата Мекен» партиясынын башчысы, депутат Өмүрбек Текебаев Атамбаев Кипрдин оффшорунда мүлкү бар экенин билдирди.

Оппозициячыл саясатчы коомчулукка президенттин мүлкү тууралуу тагыраак маалымат берүүгө убада берди.

Азыр Текебаев өлкөнүн парламентинде өзүн бийликтин негизги оппоненти катары көрсөтүп келатат. Былтыр күзүндө ал президентти Кой-Таш айылында үй салыш үчүн кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз сатып алган деп күнөөлөгөн.

Текебаев быйыл мартта президентке импичмент жарыялоого ниеттенүүдө. Азыр ал кийинчерээк анын жол-жобосун башташ үчүн зарыл материалдарды топтоп жатат.

«Ата Мекендин» башчысы жана Убактылуу өкмөттүн бир катар мурунку мүчөлөрү президент менен Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөр боюнча пикири келишпей калганда Текебаев менен Атамбаевдин тирешүүсү башталган.

Ошого карабастан, түзөтүүлөр 2016-жылдын 11-декабрында референдумда кабыл алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: