World Press Photo: Түркиядагы орус элчисин өлтүргөн кишинин сүрөтү жылдын фотосүрөтү деп табылды

World Press Photo сынагынын тандоосу боюнча, Түркиядагы орус элчисин өлтүрүп жаткан учурда тартылган сүрөт жылдын сүрөтү деп аталды. Анын автору «Ассошиэйтед Пресстин» фотосүрөтчүсү Бурхан Өзбилижи.

Сынактын башкы калысы Стюарт Франклин фотокабарчы Бурхан Өзбилижинин сүрөтүн «өтө катаал кабар-фотосүрөт» деп атаган. Бирок Франклин өзү бул сүрөткө «Жылдын сүрөтү» деген сыйлыкты бергиси келбегенин айтты.

«Мен каршы добуш бердим. Кечирип кой, Бурхан. Бул киши өлтүрүүнүн фотосүрөтү, киши өлтүргүч жана өлтүрүлгөн адам бир сүрөттө, бул адам башын алган көрүнүштү жарыялагандай эле моралдык жактан чоң маселени жаратат», — деген сөзүн келтирет «Гардиан» гезити.

Сүрөттүн алдыңкы планында 22 жаштагы полициянын офицери Мерт Алтынташ колунда тапанчаны кармап турат, ал эми арткы планда Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун жансыз денеси жерде жатат.

22 жаштагы полициянын офицери Мерт Алтынташ тапанча менен жана Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун жансыз денеси. Сүрөт: Бурхан Өзбилижи, «Ассошиэйтед Пресс».

Калыстар тобунун дагы бир мүчөсү америкалык көз карандысыз журналист Мари Кальверттин пикиринде, сыйлыкты жеңип алган сүрөт «биз жашаган дүйнөнүн жек көрүүсүн» чагылдырат.

«Биз бул сүрөттү тандадык, анткени ал өтө күчтүү сезимдерди жаратат жана да биз жашаган дүйнөнүн жек көрүүсүн даана чагылдырат», — деди ал.

World Press Photo сынагына бул жылы 125 өлкөдөн 5034 сүрөт түшкөн.

Карлов 19-декабрда Анкарада «Орусия саякатчынын көзү менен: Калининграддан Камчаткага чейин» деген көргөзмөнү ачып жатканда өлтүрүлгөн.

Карлов сөз сүйлөп жатканда иш-чарада сакчы болуп иштеген Мерт Алтынташ элдин көзүнчө аны аркасына аткан. Дагы үч адам жарадар болгон.

Өлтүрүү учурунда тарылган видеожазууда Алтынташ «Сирия жана Алеппо үчүн» өч алып жатканын кыйкырган.

Орусия Карловдун өлтүрүлүшүн эл аралык терроризм акты катары баалаган.


ТЕМА БОЮНЧА: