Коомдук түйүндөрдүн колдонуучуларына «өлүм топторунун» хэштегдери үчүн бөгөт коюлат

Кыргызстандын Байланыш боюнча мамлекеттик комитети өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга түртөт делген «өлүм топторунун» хэштегдерин жигердүү пайдаланган колдонуучуларга бөгөт коёрун билдирди.

Байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Нурлан Акунов Kloop.kgге курган маегинде мекеме «Көк жаян» оюну жана «өлүм топтору» менен байланышкан 19 хэштегди жигердүү пайдаланган колдонуучуларга бөгөт коёрун айтты.

Анын сөзүнө караганда, колдонуучуларга азырынча «ВКонтакте» коомдук түйүнүндө гана бөгөт коюлат. Акунов Кыргызстандын Байланыш боюнча мамлекеттик комитети Орусиянын Роскомнадзорунан бул коомдук түйүнгө бөгөт коюу боюнча жардам сураарын айтты.

«Биз Орусиянын Роскомнадзорундагы кызматташтарыбызга алар ошол колдонуучуларды, ошол маалыматты өз серверинен жоюп салышын өтүнүп сурам жөнөтүү боюнча демилге көтөрөбүз, анткени хэштегдердин тизмеси негизинен “ВКонтакте” коомдук түйүнүндө пайдаланылат», — деди Байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.

Анын айтымында, Роскомнадзордон тышкары, мамлекеттик комитет «ВКонтакте» коомдук түйүнүнүн ээлерине да кайрылып, алардан бөгөт коюу жагынан жардам берүүнү өтүнөт.

«Каалаган интернет-колдонуучу да жардам бере алат. Ал үчүн ал хэштегдин шилтемесин алып, ошол коомдук түйүндүн администрациясына арызданыш керек», — деди Акунов.

Ал бөгөт коюлушу мүмкүн болгон бир нече хэштегдерди санап өттү: #синийкит, #морекитов, #тихийдом, #разбудименяв420.

Мындан тышкары, Башкы прокуратура өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга үгүттөгөн айрым шилтемелерди таап чыкты, бирок ал шилтемелердин тизмеси ачыкка чыга элек.

Мекеме өкмөткө кат жазып, өз жанын кыюу идеясын жайылткан оюндарды коомдук түйүндөрдө таркатууга каршы чараларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизди.

Бул хэштегдер «Sputnik» басылмасындагы макаладан кийин интернеттин кыргыз сегментинде жандуу талкуулана баштаган «өзүн өзү өлтүрүүчү оюндар» жана «өлүм топтору» менен байланышта каралып жүрөт. Анын авторлору коомдук түйүндөрдөгү оюндар Орусияда балдардын өз жанын кыйышына себеп болгонун, алар эми «Кыргызстанга жеткенин» жазышкан.

Милиция Кыргызстанда бул оюндун айынан кимдир бирөө өз жанын кыйган бир да учур боло элек экенин айтууда.


ТЕМА БОЮНЧА: