«Республика – Ата-Журт» фракциясы президенттикке Бабановдун талапкерлигин көрсөттү

Парламенттеги «Республика — Ата-Журт» фракциясы өз жетекчиси Өмүрбек Бабановду бир добуштан президенттикке көрсөтүүнү чечти.

Бабановдун талапкерлигин көрсөтүү маселеси «Республика — Ата-Журт» фракциясынын отурумунда 14-февралда чечилди.

Парламент депутаты Мирлан Жээнчороев билдиргендей, партиянын башчысынын талапкерлигин президенттикке көрсөтүү тууралуу чечим бир добуштан кабыл алынды.

Бабанов өзү президенттикке көрсөтүү маселесин партия «коллегиалдуу» чечээрин айткан.

«Биз бул маселени коллегиалдуу чечебиз, балким бул кызматка биздин партиядан алда канча татыктуу бирөөнү добушка коёбу, аны фракция чечет» , — деген Бабанов.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда 2005-жылы саясатка келген ишкер катары белгилүү. Ал 2011–2012–жылдары премьер-министр болуп иштеген.

Кийин ал өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. 2015-жылдан тартып парламенттин депутаты болуп, «Республика — Ата-Журт» фракциясын жетектеп калган.

Саясат иштерге аралашканга чейин ал «Кыргызстан коммерциялык банкынын» директорлор кеңешинде төраганын кеңешчиси болгон.

Президенттик кызматка Бабановдон тышкары дагы эки саясатчы талапкерлигин коюуда, алар — мурунку премьер-министр Темир Сариев жана «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев.


ТЕМА БОЮНЧА: