Кыргызстанда президенттик шайлоо 19-ноябрда болот

2017-жылдагы президенттик шайлоонун мөөнөтүн президент Алмазбек Атамбаев жана Боршайкомдун башчысы Нуржан Шайлдабекова дайындашты. Шайлоо 19-ноябрда өтөт.

Атамбаев Шайлдабековага Боршайком кезектеги шайлоого даярданыш үчүн иштеги бардык «кемчиликтерди жана катачылыктарды» жоюшу керек экенин айтты.

«Шайлоого чейинки тогуз ай ичинде иштеги бардык каталар менен кемчиликтерди жоюп, жаңы президенттин шайлоосу ачык жана калыс өтүшүн камсыз кылуу зарыл. Калыс жана эркин шайлоо гана бийликтин мыйзамдуулугун камсыз кылып, өлкөдө туруктуулук болушуна кепилдик берет», — деди президент.

«Президентти шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамда шайлоо күнү ноябрдын үчүнчү жекшембисине туура келиши керек экени айтылган — быйыл ал күн 19-ноябрга туура келет.

Президенттик кызмат үчүн жарышка катышаарын эки талапкер — мурдагы премьер-министр Темир Сариев жана «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев расмий түрдө айтышкан.

«Республика — Ата-Журт» фракциясы Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин көрсөтөөрүн билдирди, бирок саясатчы өзү азырынча расмий билдирүү кыла элек.

Азыркы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бул шайлоого катыша албайт, анткени Кыргызстанда президент алты жылдык бир мөөнөткө шайланат. Атамбаев мураскер жарыялабай турганын билдирген.

Сүрөт: president.kg


ТЕМА БОЮНЧА: