«Балдар дүйнөсү» соода борборунун маңдайында жайгашкан «Дордой-Сити» курулуш объектисинде беш метрлик бийиктиктен кулап кеткен беш куруучу ооруканага жеткирилди.
Окуя Бишкектеги Гоголь көчөсү менен Чүй проспектинин кесилишинде 15:20да болгон. ӨКМнин басма сөз кызматынын өкүлү Элмира Шерипова жабыркагандар 4-шаардык ооруканага жеткирилгенин кабарлады.
«Бешинчи кабаттагылар бетон толтуруп куюп жатышкан экен. Ал төртүнчү кабаттын бетон тосмосунун таянычына кулап түшүптүр. Жабыркагандар №4-шаардык ооруканага жеткирилди», – деп билдирди Элмира Шерипова. Кийинчерээк ӨКМ имараттын 5-кабатындагы плита кулап түшкөнүн тактады.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын кеңешчиси Елена Баялинова жабыркагандардын төртөө №4-шаардык ооруканага, бирөө Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө жеткирилгенин билдирди.
Аталган шаардык оорукананын өкүлдөрү жабыркагандардын үчөө реанимацияда жатканын, бирөө медициналык текшерүүдөн өтүп жатканын кабарлашты.
Сүрөт: Азамат Каработоев
ТЕМА БОЮНЧА:
- Элебаев/Кулатовдогу өрттүн болжолдуу себеби электр зымдарынан чыккан жалын болгон
- Бишкектин мэриясы мыйзамсыз курулуш менен күрөш боюнча штаб түздү
- Жер титирөөлөр курулуш тармагындагы кемчиликтерди ачыкка чыгарды (орус тилинде)