Кыргызстан: Жанды оозго тиштеген окуу

Ош облусунун Кожокелең айылында бир эле мектеп бар — ал да араңжан абалда. Анын ичинде жүрүүнүн өзү өмүргө коркунуч келтирет. Бүгүн болбосо эртең имарат кулап калышы мүмкүн. Экотехинспекциянын өкүлдөрү 2014-жылы ага мөөр басып жаап салышып, кийин окуу процесси жергиликтүү тургундардын үйүндө жана ал тургай боз үйлөрдө да улантылган. 2016-жылы аткаминерлер кайрадан экспертиза өткөрүп, балдар менен мугалимдерге авариялык деп таанылган мектепке кайтып келүүгө уруксат беришкен.

Материалдын түп нускасы «Открытая Азия» сайтында жарык көргөн.

Мектеп өткөн кылымдын 80-жылдарынын башында курулган. 30 жылдан ашуун убакыт ичинде мектептин төшөлгөсү менен тосмолору чирип калган. Үч жыл мурун имарат кыйшая түшүп, тамдарынан жарака кеткен. Кийин бир тарабы урап түштү. Кудай жалгап, анда эч ким жабыркаган жок.

2014-жылы атайын өкмөттүк комиссия жана Экотехинспекциянын өкүлдөрү мектеп окууга жараксыз деген корутунду чыгарышкан.

Документте кенедей эле жер титирөө болсо окуу жайы урап түшүшү ыктымал экени жазылган болчу.

Эми мектептин дубалынын бир бөлүгүн таяк эле кармап турат. Сүрөт: Тhe open Аsia.

«Айыл өкмөт жергиликтүү тургундардын эки үйүн ижарага алып, сабак үчүн эки боз үй тиккен эле. Мугалимдер го сабак өтүп жатты, бирок айрым кыйынчылыктар болду: педагогдорго окуу куралдарын ташууга туура келди, биз окуу программасын эптеп-септеп аткарып, бирок окуу кадимкидей жүргөн жок. Ошондуктан айыл тургундары жергиликтүү бийликке кайрылып, ал жаңы имаратты 2016-жылдын сентябрына куруп бүтүүгө убада берген, бирок каражаттын тартыштыгынан улам мектеп ошол бойдон салынган жок», — деп айтып берди Кожокелең айылындагы мектептин директору Нурлан Калыков.

Былтыр жайында айылга Билим берүү министрлигинин жана Экотехинспекциянын башкы адистери, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Мырзабек Акматалиев, айыл өкмөттүн башчысы Нурмамат Үсөнов келип кетишкен.

Мектептин чатырынын кейпи. Сүрөт: Тhe open Аsia.

Алар авариялык абалдагы мектепти кайрадан карап чыгып, бул имаратта азырынча окуса болот деген акт түзүшкөн эле.

Мектеп сыртынан чала-була оңдолуп, балдар авариялык абалдагы класстарга киргизилген. Бирок дубалдар качан болбосун урап түшкөнү араң тургандыктан окуучулар график менен окууга мажбур. Танапис беш мүнөттөн ашпайт, окуу эки нөөмөт менен жүрөт.

Ата-энелер кооптонсо да балдарын окууга жиберет. Алар эмне кылсын? Айылда мындан башка мектеп жок.

Билим берүү министрлигинин адистери бул мектеп окууга жарактуу деп эсептешет. Сүрөт: Тhe open Аsia.
«Балдарды мектепке жиберип жатып күн сайын Кудайга жалынабыз», — дейт Бактыгүл Матикеева. Анын үч баласы тең мектепте окуйт.
«Жаратылыш кырсыгы болуп кеткенден Кудай сактасын, коркобуз… Бирок балдарды мектепке жибербей да коё албайбыз, алар билим алышы керек», — дейт Абдумалик Раимбердиев.

Папан айыл өкмөт башчысынын орун басары Курбанбек Мияшевдин айтымында, былтыр июнда Папан айыл өкмөтү Кыргызстандын премьер-министрине кат жазган.

Мектептин курулушун улантууга качан акча табылаарын жергиликтүү бийлик билбейт. Азырынча болсо балдар опурталдуу шартта билим алуусун улантууга мажбур.


ТЕМА БОЮНЧА: