Бишкек мэриясы: «Слоники» сквери боюнча чечимди сот чыгарат

Куруучу компания «Слоники» парк-скверин Бишкек башкы архитектуранын жана прокуратуранын тыюусуна карабастан буза баштады. Парк жайгашкан жер тилкесинин ижарасы боюнча келишим курулуш компаниясына мэрия тарабынан мыйзам бузуулар менен берилген. Эми сквер боюнча чечимди Бишкек райондор аралык соту чыгарат.

Шаардык прокуратура мэриянын сквер-паркты курулуш үчүн берүү жөнүндөгү токтомун мыйзамсыз деп табуу боюнча Бишкек райондор аралык сотуна арыз менен кайрылды.

Бишкек мэриясы ижара боюнча келишим түзүп жатканда Жер кодексин жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын токтомун бузганын прокуратура аныктап чыккан.

Мэриянын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетованын айтымында, «Слоники» скверинин айланасындагы абал боюнча Бишкек райондор аралык соту чечим чыгарат.

«Соттук иштер жүрүп жатканда эч ким абал боюнча комментарий бере албайт. […] Мэр өз убадасын мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте аткарат. Соттук иш — бул муниципалитеттин юрисдикциясы эмес», — деди Алмамбетова.

Мурда Бишкек мэри Албек Ибраимов Биринчи май районунун жашоочуларына паркты буздурбай турганына убада берген.

«Зеленстрой» ишканасынын кызматкерлерине карата «Слоники» парк-скверинин аймагындагы дарактарды мыйзамсыз кыйганы боюнча кылмыш иши козголгон.

Кантип бишкектиктер «Слоники» паркы үчүн күрөшкөн?

«Слоники» паркы көп убакыттан бери каралбай, вандалдар тарабынан бузулууга учураган. Аны «Шаардык демилгелер» фондунун активисттери 2015-жылы кайра калыбына келтиришип, ошондон бери скверге жергиликтүү тургундар топтолуп, балдар ойной башташкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бетон эстеликтерге 30 жылдан ашуун убакыт болгон: алар 1961-жылы «хрущёвкалар» салынып жатканда чогуу тургузулган.

Жергиликтүү тургундар балдардын аянтчасын коргоп калуу ниетинде.

Алиаскар Токтоналиев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жашаган адамдар 2017-жылдын январь айында митингге чыгып, балдардын аянтчасындагы мыйзамсыз курулушту токтотуунун талап кылган.

Шаардыктардын үйлөрүнүн жанында балдар ойногонго ылайыкташкан, футбол, волейбол аянты жана жергиликтүү тургундар «Слоники» деп атап алган сквер-паркты камтыган үч кичинекей жер тилкеси бар.

TS-Group курулуш компаниясынын башчысы Мирлан Рыскулов Бишкек мэриясынын 2009-жылдагы токтомуна таянууда. Ага ылайык, курулуш компаниясы жакын жайгашкан футбол талаасын калыбына келтирип, ал жакта жергиликтүү тургундар үчүн машыгуучу шаймандарды орнотушу керек эле.

Курулуш компаниясы сквердин ордуна имарат куруу ниетинде.

Ал Kloop.kgге курган маегинде аянтчаны бузбай турганын айтып келген. Бирок басылманын кызматкери курулуш компаниясына кардар катары телефон чалганда курулуш компаниясы, кантсе да, скверди бузуп, ордунда бийик имарат салууну пландап жатканы белгилүү болду.

«Слоникини» бузуу же болбосо, Мирлан Рыскуловдун сөзү менен, «реконструкциясы жана башка жерге жылдыруу» иши менен «Онуркан» ЖЧКсы алектенет.

Аталган көчөнүн жашоочулары журналисттерге кайрылгандан кийин парктын ордуна бийик имараттын курулушу боюнча Башкы прокуратура да кызыга баштаган.

Бишкек мэри Албек Ибраимов парк-сверди буздурбоого убада берген.

Бишкек башкы архитектура, Бишкек мэриясы, Мамэкотехкөзөмөл жана жергиликтүү акимиат жергиликтүү тургундарды ишендирип, парктын жана балдар аянтчасынын ордуна курулуш болбой турганын айтышкан.

Аянтчага курулуш түшүрбөш үчүн тургундар 11-январда мэриянын имаратынын жанында тынчтык чогулушун өткөрүшкөн.

Алардын арасында «Слоники» паркын кайра калыбына келтирген «Шаардык демилгелер» фондунун өкүлдөрү да жүргөн.

Анда Бишкек мэри Албек Ибраимов сквердин бузулбай турганын убадалаган. Чогулган элдин алдына Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДПнын депутаты Алмаз Кененбаев да чыгып, бак-дарактарды сактоо керек экенин айткан.

Бир канча мекеменин тыюусуна карабастан куруучу компания 15-февралда аянтчаны буза баштаган. Сүрөт: Раушанна Саркеева.

Бир айдан көбүрөөк убакыт өткөн соң 15-февралда скверди бузуу иштери башталган. Куруучулар түркүктөрдү орнотуп, волейбол талаасындагы короонун бир бөлүгүн бузуп, чуңкур каза башташкан.

«Зеленстройдун» жумушчулары куруучу компаниянын табыштамасы менен, долбоор Бишкек башкы архитектурасы менен макулдашыла элек болсо да, 57 даракты кыйган.
Окуя болгон жерге Бишкек башкы архитектурасынын жана мэриянын өкүлдөрү барып, куруучу компаниянын аракеттеринин мыйзамсыз экенин ырасташкан.


ТЕМА БОЮНЧА: